Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Европа Биримдигинин лидерлери Биримдик кризиске учураган жок деп ырасташууда


Кечээ Евробиримидиктин саммити жаңы конституцияны кабыл албастан аяктаган эле. Ошол эле кезде Франциянын жана Германиянын жетекчилери жаңы конституция кабыл алынбаса, интеграция эки башка ылдамдыкта жүрүшү мүмкүн экендигин эскертишти. Брюссел саммитинен кийин Британиянын премьер-министри Тони Блэр буларды билдирген:
- Мунасага келүүгө дагы убакыт бар. Менимче, Евробиримдиктин президенттиги саммитти токтотуп, туура кылды. Түнү менен талкууну улантып, ортозаар келишимге келгенден көрө, күтө туруп, туура макулдашууга жетишели.
Саммиттин үзгүлтүккө учурашына Испания менен Польшанын өздөрүнө жагымдуу шайлоо укугун сактап калуу аракети түрткү болду. Жаңы мүчөлөр кабыл алынганда мүчө-мамлекеттердин саны 25ке, ал эми жалпы калкы 450 миллионго жетмекчи. Биринчи толкунда Чехия, Польша жана Венгрия Европа Биримдигине келээрки майда киргени турат.

XS
SM
MD
LG