Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:26

БҮГҮН ДЕПУТАТТАР СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕРДИ ТАЛКУУЛООГО КИРИШЕТ


Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнтөн тартып «Социалдык камсыздандыруунун 2004-жылдагы тарифи жөнүндө» мыйзамды жана Социалдык фонддун ишине байланышкан маселелерди кароого киришет.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын Социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Адахан Мадумаровдун айтымында, «2004-жылдын бюджети жөнүндө» мыйзамды талкуулоодон мурун социалдык камсыздандыруу тарифтерин аныктап, Социалдык фонддун бюджети тууралуу маалымат алуу зарыл. Анткени, жалпы калктын 12% түзгөн пенсионердин ар бири үчүн азыр бир гана адам иштеп жатат. Андыктан, камсыздандыруу тарифи парламентте жыл сайын талаш-тартышты жаратып, каражатты кимдин эсебинен алуу маселеси алдыга чыгат.

- Бүгүнкү күнү пенсия эмес, жумуш ордун уюштуруу жана жумуш табуу маселеси күн тартибине коюлуп жатат, - деди депутат Адахан Мадумаров.

Быйылтан тарта социалдык камсыздандырууга түшкөн каражаттын 3% ошол акчаны төлөгөн адамдын эсебине топтолуп, анын пенсиясынын кайтарымына кепил болуучу пайдубал боло баштайт. Бирок, өкмөттүн бул жаңы саясаты азырынча эч кимди ынандырган жок. А. Мадумаровдун айтымында, ушундан улам пенсияга чыгаруу жашын өзгөртүү маселеси парламенттин күн тартибинде турат:

- Азыр энелерибиз 58 жашта, аталарыбыз 63 жашта пенсияга чыгып жатат. Пенсияга чыгуу жашын төмөндөтүп, эркектер 61 жаштан, аялдар 56 жаштан тарта чыксын деп жатабыз. Пенсияга эртерээк чыгышсын. Ансыз деле кыйратып иштечү жумуш жок.

XS
SM
MD
LG