Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Зинедин Зидан дүйнөнүн эң мыкты футболчусу болду


Мадриддин “Реал Мадрид” футбол клубунда ойногон франсуз Зинедин Зидан 2003-жылдын эң мыкты футболчусу деп аталды. Дүйнөнүн чар тарабындагы улуттук курама командалардын 142 машыктыруучусу катышкан, ФИФА уюштурган добуш берүүдө 31 жаштагы Зиданга 264 упай топтолгон. Зидан буга чейин 1998- жана 2000-жылдары да дүйнөнүн эң мыкты футболчусу наамын жеңип алган. Ал эми дүйнөнүн экинчи мыкты ойунчусу деп Лондондун “Арсеналында” ойногон франсуз футболчусу Тьерри Анри аталды. Буга чейин үч жолу дүйнөнүн эң мыкты футбол ойунчусу табылган бразилиялык Роналдо быйыл үчүнчү орунга татыктуу болду.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Аманбек Дилденбай, Прага

XS
SM
MD
LG