Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:48

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ КЫЗМАТКЕРЛЕР БИЛБЕЙ ЭЛЕ КОЙСУН, АКАЕВДИН ИШ САПАРЫ, ГРУЗИЯ «ЖОСУНУ» КЫРГЫЗСТАНДА КАЙТАЛАНБАЙБЫ?


“Арнамыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Кыргызстандагы соңку саясий окуяларга карата пикирин жарыя кылды. Феликс Кулов Орусиядагы парламенттик шайлоо кыйла демократиялуу өттү деп эсептейт. Президент А.Акаевдин Батыш өлкөлөрүнө жасаган иш сапары аягына чыкты. Президент кадрдык алмаштыруусун улантаарын саясий байкоочулар эмитен эле болжошууда. Кыргыз басылмаларында чагылдырылан урунт темалар тууралуу Бекташ Шамшиев кеп кылат.

Саясий камактагы Феликс Куловдун Орусия менен Грузиядагы парламенттик шайлоо, мамлекеттик тил мыйзамы, ири мамлекеттердин Кыргызстандагы геосаясий кызыкчылыктары тууралуу пикирин шейшембидеги “МСН” гезити жарыялады. Анын айтымында, мамлекеттик тил мыйзамы керек, бирок аны мамлекеттик кызматчыларга милдеттүү түрдө үйрөтүүнүн кажаты жок.

“Жада калса лингвистикалык комиссия да саясий оюндун куралына айланып калды”, дейт Ф.Кулов. Анын пикири боюнча, элге убада берүүдөн тажабаган “куручечен эмес”, иш көзүн билген жетекчи керек.

Гезиттин жаңы санында Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун президентке жолдогон каты жарыяланган.

- Бүгүнкү күнү биртоп сунуштарыбызды президентке демилге катары бердик, - дейт Турсунбай мырза. - Кыргызстандагы азыркы колония же СИЗОлордун бирөө да эларалык стандартка жооп бербейт.

Грузиядагы “баркыт ыңкылабы” кыргыз опозициясынын түшүнө эле кирбесе, иш жүзүндө андай активдүүлүктү азыркы бийлик каршылаштарынан, элден күтүүнүн кереги жоктугуна Эсенбай Нурушев гезиттин жаңы санында жарыяланган маегинде токтолгон. Кыргызстандагы демократиянын тагдыры президент Акаевдин эркине жараша чечилчү маселе.

«Кыргызстан адамзат өнүгүүсүнүн улуу көчүндө, же бийик тоо алыстан көрүнөт”, деп жазат шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезитинде Абдиламит Матисаков президент А.Акаевдин Словакияга иш сапары менен барып, Женевадагы саммитте чыгып сүйлөгөнүн комментарийлеп. Президенттин иш сапары жакшы уюштурулганын баяндаган автор: “Прогресс коштогон жолдо баратканыбыз үчүн ага жол ачкан улуттук лидерибиз менен сыймыктанышыбыз керек”, деп бүтүм чыгарат.

Президент А.Акаевдин Женева саммитинде сүйлөгөн сөзүн “Слово Кыргызстана” гезити жаңы санында жарыялады. Гезиттин маалыматына караганда, ушу тапта Интернет байланышынын 70% дүйнө калкынын 16% гана энчисине тийген. Кедей өлкөлөрдүн 5% электрондук байланыштын жетишкендигин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Президенттин чет элдик иш сапарын шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезитинде Ольга Безбородова “Физиктин көрөгөчтүгү же керемет өлкөнүн виртуалдуулугу” деген макаласында баяндайт.

Шейшембидеги “Эркин тоо” гезити Кыргызстан калкынын Демократиялык кодексинин (Коомдук келишим) текстин жарыялады. 7 главадан турган кодексте кездешкен айрым түшүнүктөрдүн, терминдердин чоо-жайын чечмелеген кыскача сөздүк да берилген.

Грузия, Орусиядагы парламенттик шайлоо кыргыз оппозициясынын көзүн ачканын “Аалам” гезитинде жарыяланган маегинде Жыпар Жекшеев билдирген. “Кыргыз оппозициясы буга чейин болгон саясий окуяларда ачык күрөшө албай тайсалдап келген”, дейт Ж.Жекшеев мырза. Анын оюнча, Шеварднадзе менен Акаевдин бийлигин салыштыруу мүмкүн эмес. “Кыргызстанга жылмайган диктатура орноду”.

Гезитте мамлекеттик тил мыйзамы тууралуу Кенжаалы Сарымсаковдун макаласы, Жапаркул Токтоналиевдин академик Абдулхай Алдашев жөнүндө эскерүүсү жарыяланган.

“Агым” гезитинин шейшембидеги санында Алым Токтомушев “Кыргызстанда коомчулук барбы?” деп суроо койот. Автордун пикиринде, кыргыз коомчулугу баарына кайдыгер, баа көтөрүлүп, социалдык оор маселелер козголуп жатканда деле дым чыгарган эмес. “Кечээ Аксыда алты азамат бийлик огунан шейит кетип, ага айыпкер болгондор алигиче жазаланмак түгүл орден алып, майлуу-жайлуу кызматтан- кызматтарга которулуп жатса, коомчулук дегенибиз оозу, мурду, кулагын эле эмес, адамдык нарк-назылын тумчулап, тумчуктуруп жашап жатат”, - деп жазат А.Токтомушев.
XS
SM
MD
LG