Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:37

Зидан жылдын эң мыкты футболчусу деп таанылды


Франциялык оюнчу Зинедин Зидан футбол боюнча дүйнөлүк федерация ФИФА тарабынан жылдын эң мыкты футболчусу деп аталды. Ушуну менен Реал Мадридде ойногон 31 жаштагы Зидан үчүнчү ирет Федерациянын эң жогорку баасына татып отурат.
Анын мекендеши Тьерри Анри экинчи, бразилиялык даңазалуу Роналдо үчүнчү, ал эми чехиялык Павел Недвед төртүнчү орунду ээледи.
Футболчу аялдар арасындагы биринчилик германиялык Биргит Принцке берилди. ФИФА жылдын командасы деп 2002-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсүн Бразиялиянын тобун тандады.

XS
SM
MD
LG