Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

ЧЫРАКТАЙ КЫЗДАР ДЕНЕСИН САТЫП, КҮН КӨРҮҮГӨ ӨТҮШТҮ


Жазгүл Жамангулова жана Алтынбек Исмаилов, Бишкек шаары Учурда, Кыргызстандын аймагында өз денесин сатып жан баккан кыз-келиндер көбөйдү. Алардын басымдуу бөлүгү жаш кыздар.

Бишкек шаары боюнча каттоодо турган сойку кыздардын саны 2155. Ал эми жашыруун иштегендер туурасында так маалымат жок. Жаш курагына келсек, 12 жаштан 40 жашка чейинкилер. Андан улуулары кыздарды соодалоо менен алектенишет. Жеңил акчанын артынан байып, муну кадыресе кесип кылып алгандары да жок эмес. Денесин сатып жан багып жүргөндөрдүн жашоосун жакындан билели деген аракетте айрым кыздар менен маектешкен элек. Маектешибиз Алтынай төмөнкүлөрдү айтып берди.

- Бул “ишке” кантип аралашып калдыңыз?

- Мен бул жерде иштегениме 3 жыл болду. Турмуштун оордугу мен эмес, башка кыздарды да ушул ишке барууга мажбурлап жатат. Кыздар жумуштун жоктугунан, акча табуу үчүн иштешет. Айрым келиндерди күйөөлөрү келип сатып кеткен учурлар да болот.

- Бир күндүк кирешеңер канча болот? Кимдер көбүрөк кайрылышат?
- Ал бизди сатып алган кардарларга байланыштуу. Кээде эч нерсе бербей, сабап койгондор да бар. Жакшы иштегенде бир күндө 1000 сомго чейин табабыз. Бизге жаштардан баштап, депутаттарга чейинкилер келишет.

- Туугандарыңар билип калат деп коркпойсуңарбы?

- Мени баары билишет. Алар мага нан таап берип жатпагандан кийин унчуга алышпайт.

- Силерге кысым жасагандар көп болсо керек?

- Эгер ачыгын айтсам, азыр милийса менен дарыгерлер биздин эсебибизден жан багып калган. Мурун алып барганда жөн гана текшерип, эгер ооруң болбосо коё берип жиберчү. Азыр акчаң болсо кетирет. Акчаң жок же аз болсо, ар түрдүү шылтоолор менен коркутушуп, акча табуунун жолун издешет, - деп сөзүн аяктады өзүн Алтынай деп тааныштырган маектешибиз.

1999- жылдан бери Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен атайын медициналык борбор иштеп келатат. Аталган борбордо кыздарды акысыз дарылашат. Бүгүнкү күндө «Таис-плюс» өкмөттүк эмес уюму түзүлүп, денесин сатып жашаган кыздардын укугун коргоону колго алган.

«Азыр кыздар кайсы оорулардан көбүрөөк жабыр тартышууда?» деген суроо менен Тери-венерологиялык диспанцердин башкы врачы Жамал Токомбаевага кайрылдык.

- Кыздарды жашыруун текшеребиз. Алар көбүнчө гонорея, котон жара ооруларынан жабыркашат. 1999-жылга чейин башка улуттун кыздары көп болчу, азыр кыргыз кыздары арбын. Бөтөнчө айылдан келген кыздар ушул ишке тез аралашып кетип жатышат. Кыздар арасындагы күч алып кеткен сойкулукту, бир учурда мыйзамдаштырабыз дешкен. Айрымдар бул ишти колдосо, молдолор толугу менен каршы болушкан. Себеби, денени акчага сатуу мусулмандар үчүн абийирсиз иш деп эсептелет.

Тектеш

XS
SM
MD
LG