Акын кыз «Жоктоо ыры», «Отузунчу көз ирмем» аттуу ыр китептерин жарыкка чыгарган. Алгач поэзияны туу туткан жаш акын Махаббат Молдалиеванын «Кечиргиле» аттуу ырына кулак төшөйлү:
Кечир мени, болалбасам жакшы аял,
Кечирбегин, болбой калсам жакшы акын.
Көөдөнүмдөн өчсө дагы канчалар,
Көңүлүмдө ырдын пири жашасын.
Тириликте болсо болор кемтигим,
Кечиримсиз, көрксүз болсо ырларым.
Аялдыктын оор түйшүгүн жеңчү ким,
Акындыктын азабына чыдайын.
Кечир мени, болалбасам жакшы аял,
Кечирбегин болбой калсам жакшы акын…
Бу саптарды кантип чечмелөөгө болот? Эмне үчүн акын кыз жакшы аял болбогонго кайыл да, жакшы акын болбогонун кечиримсиз эсептейт? «Көөдөнүмдө өчсө дагы канчалар, көңүлүмдө ырдын пири жашасын» деп улайт. Акын кыздын далдоодо турган көмүскө оюн окучу болсок - «көңүлүндө ырдын пири жашаган акын аял-кантип жаман аял болсун?!» деген ой турат.
Махаббат Молдалиеванын «Отузунчу жаз» китебине Кыргыз эл акыны Омор Султанов баш сөз жазып, акын кыздын калемин мындайча сыпаттаган:
«Махаббаттын ырлары сыр жашырбаган чындыгы менен байралтып, азгырыктуу касиеттери ээрчитип жүрүп отурат. Мунун өзү анын келечектүү акын экенинен кабар берип турат».
Эми Махаббаттын көркөм сүрөттүү «Узатуу» аттуу ырын угалы:
Суусамыр калды, сулуу жер калды капкайда,
Чырактай кыздын караанын алыс узатып.
Бетимден сылап, өпкөндөй жүзүм тууган жер,
Узатып калды шоокуму суунун, үн катып.
Ата-эне турду, көзүнө мончок жаш алып,
Коңшулар булгап колдорун, көздөр жайнаган.
Тууган жер калды, Ата журт калды артымда,
Батасын берип, турмушка кошуп кайнаган.
- Махаббат, поэзия сен үчүн кандай дүйнө?
- Поэзия - жан дүйнөнүн жаңырыгы, жандүйнөнүн жарчысы.
- Кимдерди жактырып окуйсуң?
- Омор Султановду, Сагын Акматбекованы, орус акындарынан Анна Ахматова менен Сергей Есенинди сүйүп окуйм.
- Өзүң курдуу акын-жазуучулардын кимдери менен чыгармачылык алакадасың?
- Аида Эгембердиеванын, Манас Алымбаевдин, Нурлан Калыбековдордун чыгармаларын билем. Мен аларга, калемдерин таштабай жазып жүргөндөрүнө ыраазычылык билдирем.
Жаштыктын жанындай туюлган махабат ырлары - Махаббат кыздын да калеминде басымдуу. Махаббат Молдалиеванын поэзияга болгон өз аяр мамилесин, өз кыял кыямын белгилөөгө болот. Акын кыздын көркөм салыштыруулар менен көркүнө чыга жазылган «Сага» аттуу ашыглык ырынан үзүндү:
Эриндериң эркелечү жүзүмө,
Уяң карап каректерим үзүлө.
Өрүк гүлүн жоолук кылып салчусуң,
Ак кайыңдан тартып аппак көшөгө.