Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Франция президенти диний кийимдер тууралуу жаңы мыйзам сунуштоодо


Франция президенти Жак Ширак кечээ күнү - диний кийимдер тууралуу атайын мыйзам кабыл алууну парламенттен сурай турганын билдирди. Анын айтымында, дин мамлекеттен бөлүнгөнү Франция Республикасынын негизги жетишкендиктеринин бири: "Секулярдык тартип дин ишенимине же эч нерсеге ишенбөөгө эркиндик берет. Ал тартип боюнча, ар бир адам өз диний жөрөлгөлөрүн эркин жана тартип бузбастан, бирок эч башка адамга таңуулабастан жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилет". Мыйзам эмки окуу жылына чейин кабыл алынууга тийиш жана ага ылайык, катардагы жарандар диний кийимдерди коомдук жайларда кийбеш керек. Франциянын Мусулмандар кеңеши мындай жаңы тартипке каршы чыкты.

XS
SM
MD
LG