Президент А. Акаев Кыргызстанга жеке бийлигин орнотуп алып, анын айынан өлкө өнүгө албай жатканы тууралуу америкалык илимпоз Марк Пэлмердин жаңы китебинде баяндалган. Ал тууралуу кеңири маалыматты бейшембидеги «МСН» гезити жарыялады. Дүйнөнүн жети өлкөсүндө монархиялык диктатура орногон. Жалпысынан 45 өкүмдардын бешөө постсоветтик Борбор Азия республикаларынын президенттери. «Марк Пэлмердин китеби которулуп басылып чыкса жакшы жөрөлгө болор эле», деп белгилейт гезит.
Жайма базарлардагы темир дүкөндөргө эсеп-кысап машинелерин орнотуу тууралуу өкмөттүн токтому мыйзамга кайчы келерин депутат Марат Султанов парламенттик угууда ырастаганын Лариса Ли баяндаган. Өкмөттүн токтомуна нааразы болгон базарчылар жаңы жылдан тарта бир ай иш таштаарын билдиришүүдө.
Ушул эле гезитке берген маегинде депутат Алевтина Проненко калыстыгынан калк эч качан тайбастыгын, элди алдагысы келген саясатчылар терең жаңылышарын билдирген. Муну Грузиядагы бийликтин алмашуусу, Орусиядагы парламенттик шайлоо көрсөттү.
Президент А. Акаев тарыхта бир нече китептердин автору катары каларын, бирок ал баштаган реформалар ырааты менен жүрбөй, ара жолдо калып жатканы жөнүндө Людмила Жолмухамедова ушул эле «МСНде» ой жүгүрткөн.
Бензиндин тартыштыгы, баасынын асмандап өсүшү монополист болуп алган жалгыз компаниянын айынан болгонун 18-декабрдагы «Слово Кыргызстана» гезитине берген маегинде Өкмөттүн монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Эмилбек Узакбаев маалымдаган.
Экономикалык реформалардын стратегиясы тууралуу чоң жыйындагы Президент А.Акаевдин баяндамасы турмуштан алыс экенине бейшемби күндөгү «Общественный рейтинг» гезитинде Болот Марипов менен Жеңишбек Байгуттиев токтолушкан.
Өтүп бараткан жылда Кыргызстанда эч кандай социалдык-экономикалык өзгөрүү болбогонун ушул эле гезитте мурунку Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев билдирген.
Экономикалык реформалардын стратегиясы тууралуу Аскар Акаевдин сүйлөгөн сөзү анын экономикалык маселелерди күн мурунтан көрө билген көрөгөчтүгүн далилдээрин бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазып чыкты. “Башка сөз сүйлөгөндөр өлкөдөгү кыйынчылыктар жана корупциянын тамырлап кетиши тууралуу айтышты. Президент келерки жыл бурулуш болоруна ынандырды», - деп жазат гезит кабарчысы Елена Авдеева.
Ал эми жума күнү сатыкка түшчү гезиттерде кандай макалалар жарыяланарын ал басылмалардын жетекчилеринен уксак. «Агым» гезитинин башкы редактору Эрнис Асек уулу:
- «Агымдын» 19-декабрда чыгуучу санында президенттик шайлоо жөнүндө Жумагул Касымалиевдин макаласы бар. Мамат Сабыровдун түндүк-түштүк, шайлоо маселеси тууралуу ой жүгүртүүсү да жарык көрмөкчү. Чет мамлекеттерде жүргөн соодагерлердин абалы кандай экени жакында эле Орусиянын Сургут шаарына барып келген Венера Стамалиеванын макаласында баяндалат. Айзада Абазова менен Карамат Токтобаева Бакен Кыдыкееванын 80 жылдыгына арнап атайын бет даярдашты.
«Аалам» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Семетей Талас уулу:
- Негизги маселебиз, албетте, кыргыз тили. «Кылым көчү кайда баратат?» деген аталышта «Кереге кеңеш» мүчөлөрүнүн мамлекеттик тил тууралуу пикирлерин жарыялап жатабыз. Өкмөттүн жайма базарларда эсеп-кысап машинелерин орнотуу тууралуу токтому туура эместигин белгилеген өзүмдүн макалам басылууда. Макалада өкмөттүн атамекен өндүрүшчүлөрүн колдобой, алардын өнүгүшүнө тоскоол болуп жатканын жаздым.
«Кыргыз руху» гезитинин башкы редакторунун орунбасары Калил Жамгырчиев:
- Гезитибиздин жума күнкү санында кабарчыбыз Жумамүдүн Жакиевдин кыргыз тил мыйзамынын айланасындагы уу-дуу сөздөр жөнүндө макаласы жарыяланмакчы. «Атамекен» жана «Арнамыс» партиялары биргелешип көтөргөн кайрылуу боюнча депутат Өмүрбек Текебаевдин маеги жана жазуучу Тенти Орокчиевдин кыргыз тилинин азыркы абалына арналган макаласы басууга даярдалып жатат.