Депутат Азимбек Бекназаровдун Конституциялык сотко арыз берүүсүнө өткөн жылдын ноябрында Бишкекке нааразылык жүрүшү менен келген Аксы жана Каракулжа райондорунун тургундарын жашаган жерлерине депортациялоо себеп болгон. Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси генерал-майор Кеңешбек Дүйшөбаев Аксы жана Каракулжанын тургундары президенттин 1999-жылы кол койгон жарлыгынын негизинде үйлөрүнө кайтарылганын билдирген. Президенттин аталган жарлыгында «туруктуу жашаган жеринен 6 айга чейин башка жерге баргандар убактылуу катталууга милдеттүү» деп жазылган.
Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, бул жарлыктын негизинде туруктуу жашаган жеринен өлкөнүн башка аймагына 2 сааттык мөөнөткө келген адамды да күч менен кайтарууга болот. Бул Кыргызстандын Конституциясына, 2002-жылы кабыл алынган «Ички миграция жөнүндө» мыйзамга жана Адам укуктары боюнча жалпы декларация баш болгон бир катар келишим, конвенция, пактыларга каршы келет. «Ошондуктан аны Конституциялык сот, же президенттин өзү жокко чыгаруусу керек», дейт депутат А. Бекназаров.
Конституциялык сот А. Бекназаровдун арызын кароого киришкенин соттун төрайымы Чолпон Баекова жарыялады: - Кыргыз Республикасында паспорт системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын президентинин жардыгынын 1-беренесинин 4-бөлүмүн Конституциялык эмес деп табуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун сунушу кароого киргизилет.
Бирок сот көпкө уланган жок, анткени сотко келген Президенттик администрациянын Юридикалык бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов президент тарап бул маселеге жооп берүүчү атайын өкүлдү дайындай электигин айтып, маселени кароону январь айынын ортосуна жылдырууну өтүндү. Соттун мүчөлөрү буга бир добуштан макул болушту.
«Маселени кароо кийинкиге калтырылгандыктан, президент Аскар Акаев ага чейин өз жарлыгын жокко чыгарышы мүмкүнбү?» деген суроого Анарбек Исмаилов «андай болушу мүмкүн» деп жооп берди.
Депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, президенттин аталган жарлыгынын алиги бөлүмү жокко чыгарылса, өлкө ичиндеги эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
- Бул жарлык жокко чыгарылса, Бишкекте, «Дордойдо», «Ош» базарларында иштеген жана Чүйдө дыйканчылык кылып жүргөн атуулдар милициялардын мыйзамсыз куугунтуктоосунан арылат эле, - дейт Азимбек Бекназаров. - Милиционерлер аларды азыр «Алайдан, Оштон, Нарындан, Баткенден келипсиң, убактылуу каттоодон өтпөпсүң» деп туруп, 50-100 сомдон алып, албаганын ушул жарлыктын негизинде убактылуу кармоочу жайларга камап жатышат. Эгерде Конституциялык сот оң жыйынтык чыгарса, атуулдар дал ушундай куугунтуктоодон арылат эле.