Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин кошумча протоколуна Иран кол койду


Кечээ күнү Вена шаарында Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мохамед эл-Барадейи менен Ирандын өкүлү Али Акбар Салехи Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимдин кошумча протоколуна кой койду. Ал протокол боюнча, Агенттик Ирандын өзөктүк ишканаларына жарыясыз текшерүүлөргө келиши мүмкүн. Агенттиктин басма сөз катчысы Марк Гвоздецкинин айтымында, бул абдан ири жетишкендик: "Бул - алдыга жасалган абдан чоң кадам. Кичине лабораториядагы аракеттерди биз көзөмөлдөй албайбыз, бирок бир топ орчундуу программаларды көзөмөлгө алууга бул протокол жардамдашат". АКШ жетекчилигинин айтымында, протоколго кол коюу менен Тегеран анын өзөктүк куралы жок экенин далилдөө багытында алгачкы кадам жасады.

XS
SM
MD
LG