Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

ИРАНДАГЫ КАЧКЫНДАР МАСЕЛЕСИ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРДЫН АБАЛЫ ОЙДОГУДАЙ ЭМЕС


Жыргалбек Касаболотов, Прага Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы билдиргенге караганда, Иранда иштеген эл аралык бейөкмөт уюмдардын дээрлик жарымы бул өлкөдөн кетүүгө аргасыз болуп жатышат. Буга жергиликтүү бийликтин тоскоолдугу, өкмөттүн кысымы жана каржылоо маселеси себепкер болууда. Иранга жардам берүүнү көздөгөн бул агенттиктердин өкүлдөрү, эгер алар өлкөдөн чыгып кетсе, Ирандагы миңдеген качкындар мурда алып келген социалдык-экономикалык жардамдан куржалак калаарын айтып жатышат.

БУУнун Качкындар маселеси боюнча жогорку комиссарлыгынын өкүлү Питер Кесслер Иранга жардам көрсөтүүнү көздөгөн бир катар агенттиктер ар кандай проблемалардын айынан Ирандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айтат.

- Бүтпөгөн административдик проблемалар, башкача айтканда ишке жолтоо кылуу жана иш пландарына каршы чыгуу, виза ачтыруу жана аны узартуу маселелери – ушулардын баары негизги проблемалардан болуп чыкты, - дейт Питер Кесслер.

Анын айтымында, мындай административдик тоскоолдуктар ал тургай бүт дүйнө жүзүндө мурдатан эле качкындарга жардам бере жүргөн өтө тажрыйбалуу бейөкмөт уюмдардын да ындынын өчүрүүдө. Кесслердин сөзүнө караганда, Иранда калктын саны көп болгонуна карабастан, бул өлкөдө иштеген 7 гана эл аралык бейөкмөт уюм калды. Бирок ал Ирандан кеткен уюмдардын бул өлкөдө калган кызматкерлерине зыяны тийбесин деп, ошондой уюмдарды атагандан баш тартты.

БУУнун Качкындар маселеси боюнча комиссарлыгынын билдирүүсү боюнча, ал Иранда иштеген бейөкмөт уюмдардын көйгөйлөрү тууралуу расмий Тегеранга далай ирет кулак кагыш кылган. Бирок маселе оңунан чечилген эмес.

Акыркы 10 жыл ичинде Иран Ооганстандагы согуш менен ачарчылыктан качып чыккан 2 миллионго жакын качкынды кабыл алды. Азыркы болжолдуу маалыматтарга караганда, орто эсеп менен алардын 1 миллиону Ооганстанга кайтып келишкен. Иранда алардан тышкары 200 миңдей ирак качкындары жашайт. Иран өкмөтү “эл аралык коомчулуктан жетиштүү жардам болбой жатат, андыктан качкындарга көмөк көрсөтүү жалаң биздин өлкөнүн мойнуна түштү” деген маанидеги билдирүүлөрдү таратып келген. Бирок “Иран өкмөтүнүн кысымынын айынан бул өлкөдө өз ишин токтотту” деп эсептелип жаткан британиялык “Окенден” аттуу эл аралык бейөкмөт уюмдун жетекчиси Жеймс Биллдин айтымында, мындай аракети менен Иран өкмөтү өзүнүн ошондой билдирүүсүнө өзү каршы чыккандай болуп атат:

- Иран бийликтери көмөк издеп атканынан биз ошондой керектүү болгон жардамды бергенге жарап келдик. Бирок азыр даана көрүнүп тургандай, биз эми ишибизди мындай шартта уланта албайбыз. Азыркы кырдаал “Ирандын жетекчилиги мындай жардамга муктаж эмес” деген жыйынтыкка түрткү болушу мүмкүн, бирок иш жүзүндө андай эмес.

Бирок качкындар маселеси боюнча иштеген эл аралык бейөкмөт уюмдардын Ирандан кетишин ашка себептер менен түшүндүргөндөр да бар. Алардын бири Назанин Каземи – Ирандагы качкындар үчүн эл аралык консорциумдун өкүлү. Анын пикиринде, Ирандагы ушундай уюмдардын бир тобу каражаттын тартыштыгынан улам кетүүгө аргасыз болушкан:

- Менимче башка бейөкмөт уюмдар каражаттын жоктугунан улам кетүүгө аргасыз болушту, анткени Иранда алар Ооганстандагыдай же Ирактагыдай фонддорго ээ болушкан жок. Тилекке каршы, Ооганстанда да, Иракта да муктаждык бар экенин биз билебиз, бирок бул Ирандын өзүндө муктаждык жок деген сөз эмес.

Ооган качкындарын мекенине кайтаруу жараяны Иран, БУУнун жогорку комиссарлыгы жана Ооганстандын убактылуу өкмөтү тарабынан былтыр эле башталган. Иракта согуш оту тутангандан бери ирак качкындарынын чакан топтору да өз жерине кайта башташты. Ирандагы эл аралык уюмдар бул өлкөдө качкындар маселесин чечүүгө ушундай татаал шартта да жардам беришин улантышууда. Бирок алар бул багытта расмий Тегерандын саясий колдоосуна муктаж.

XS
SM
MD
LG