Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Нарында «Айданек» гезитине мажбурлап жаздыруу нааразылык жаратууда


НАРЫН. Учурда Нарын шаарындагы ар бир окуучудан «Айданек» аттуу гезит үчүн 8 сомдон 15 сомго чейин каражат чогултуу жүрүп жатат. Билим, илим жана маданият министринин орун басары Иванников облустук билим берүү башкармалыгына кат жүзүндө кайрылып, аталган гезитке окуучуларды жаздырууну өтүнгөн экен. Натыйжада жылдык жазылуу баасы 240 сом турган «Айданекти» ар бир класска бирден нускада жаздыруу милдети мектеп деректирлерине жүктөлгөн. Ошондон улам ар бир окуучудан 8 сомдон 15 сомго чейин чогултулуп жатат. Мындай кыйынчылыкка кабылган айрым класс жетекчилер акча бербеген ата-энелерден тил кат алганга аргасыз болушууда.

XS
SM
MD
LG