ОШ. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаардын Зайнабидинов көчөсүндө бараткан аялды тинтүүгө алышканда, анын баштыгынан 2 килограмм 784 грамм баңгизат табылган. Ага Ооганстандагы фирмалардын биринин мөөрү басылган. Ош облустук ички иштер башкармалыгы быйыл 192 жолу кылмышкерлерди кармап, жалпысы 568 килограмм 781 грамм баңгизат тартылып алынган.