Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

«ДОРДОЙ» - «КУРДАЙ» БАЗАРЛАРЫ, ДЕПУТАТТАРДЫН ДЕМИЛГЕСИ, МАР БАЙЖИЕВДИН СУНУШУ


Кыргыз басылмаларында кой жылында жасалган иштер жана маймыл жылында аткарылчу милдеттер арбын жарыяланууда. Жаңы жыл жакындаганда президент А. Акаевдин чет өлкөлөргө иш-сапары арбыды. Жазуучу Мар Байжиевдин айтымында, 700 кишиден турган курултай өлкөнүн жетекчилерин шайлашы керек. Депутаттар Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат.

Президент А. Акаевдин жыл соңунда чет өлкөлөргө иш-сапарлары арбып кетишинин чоо-жайын «В конце недели» апталыгында Тышкы иштер министри Аскар Айтматов чечмелеп берген. Аскар Акаевдин эларалык турмушка, анын проблемалары менен өнүгүш тенденцияларына кызыгуусу артууда. «Дүйнө жаңыланып аткан чакта ага сырттан көз салбай, арасында жүрүш керек», дейт министр А.Айтматов.

Ушул эле басылманын жаңы санында жазуучу Мар Байжиев менен маек жарыяланган.

- Бийлик башында падыша отурабы, хан отурабы же коммунисттик бийликтин биринчи катчысы отурабы – элге анын эч кандай айырмасы жок. Элге тынчтык менен калыстык керек, - дейт Мар Байжиев. - «Бийлик, кызмат орду» дегендин баарын эл чыгарбай, саясатчылар чыгарып атышпайбы. «Антели, минтели» деп анан партиялар чыгышууда. Элден келген курултайдын мүчөлөрүнүн максаты – шайлоо. Ар бир айыл экиден өкүлүн чыгарса, ошондо облустарда канча болот? Анан ал өкүлдөр бир күнү келишет да, көрсөтүлүп аткан талапкерлердин ишин карап, сындан өткөрөт. Ага чейин, албетте, гезитте, тиякта-биякта үгүт-насаат иштери жүрөт. Анан анын ким экенин билишкенден кийин курултайчылар добушун беришет. Бирок, шайланган адам бир жылдан соң ошол эле курултай алдына келип отчетун берет. Эгер курултай анын ишин жактырса элдик өкүл андан ары иштей берет.

Жыл ичинде Кыргызстанда биртоп кадрдык өзгөрүүлөр болгонун, анткен менен бир орунда көп жылдап жемиштүү иштеген жетекчи болбогонун апта соңундагы «Вечерний Бишкек» гезити жазды.

«Заман Кыргызстан» гезити базарларга эсеп-кысап аппаратын орнотуу маселеси боюнча пикирин сурап «Дордой» базарынын кожоюну Аскар Салымбековго кайрылган. Анын айтымында «аппараттар орнотулса эле киреше 500 миллионго чыгат» деп ойлогонго негиз жок. Эгер базардагылардын көбү жаңы курулуп аткан казактын «Курдай» базарына көчүп кетсе андан Кыргызстан 200 миллион доллар зыян тартат. Ушул эле темага апта соңундагы санында «Бишкек таймс» гезити да кайрылган.

Кыргыз тилин өнүктүрүүгө өкмөт 1990-жылы 12 млн. рублдан ашык акча бөлгөн. Быйыл ага болгону 2 млн. сом чегерди. Жылдан-жылга өкмөттүн кыргыз тилине камкордугу азайып баратканына жума күндөгү «Кыргыз туусу» гезитинде депутат Каныбек Иманалиев токтолгон.

«Эркин тоо» гезитинин жаңы санында электр акысын жыйноо ишиндеги чаржайыттык тууралуу Жапарали Осмонкуловдун макаласы жарыяланган.

«Кыргызстан маданияты» гезитинин жума күнкү санында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен казак акыны Мухтар Шахановдун «Кумурадан чыккан куубаш же түркий тарыхына көз караш» китебинен үзүндү жарыяланды. Мындан тышкары, жазуучу Орозобек Айтымбеттин кара кыргыз тарыхына арналган китеби каражаттын жоктугунан толук басылбай жатканын баяндаган макала басылды.

Жогорку Кеңештин 75 депутаты Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушу менен чыгышканына ишемби күндөгү «МСН» гезити токтолду. Демилгечилер болочок парламенттеги 30 депутатты партиялык тизме менен шайлоону туура көрүшүүдө.

«Даат» гезити жазуучу Токтобай Сулаймановдун «Түркиядагы кыргыздар көчүрүлүп келеби?» ой толгоосун жарыялады. Автордун пикири боюнча чет өлкөлөрдөгү боордошторду көчүрүп келүү керек. Көчүп келгендерге колдон келген жардамды көрсөтүп, элден акча чогултуу зарыл.
XS
SM
MD
LG