Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:26

Пакистандын Жогорку Соту аялдардын өз ыктыяры менен турмушка чыгышына уруксат берди

Исламабад. Пакистандын Жогорку соту мусулман кыздарына ата-энелеринин макулдугусуз эле өз сүйгөнүнө турмушка чыгууга уруксат берди. Пакистанда мусулманчылыктын салтына ылайык кыздардын болочок күйөөсүн атасы же улуу агалары тандайт. Өлкөдө буга чейин ата-энелеринин макулдугусуз турмушка чыккан жүздөгөн кыздарды туугандары катуу жазалоого кириптер болуп келишкен. Айрым учурда аларды өлтүрүп да салышчу.
XS
SM
MD
LG