Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:47

БОГОК ООРУСУ КҮЧӨДҮ


Замира Кожобаева, Ош Кийинки убакта Кыргызстанда ар кандай социалдык оорулар көбөйдү. Алардын бири - богок оорусу. Бул дарт өзгөчө жаш балдардын арасында көп болуп жатат. Анткени йоддун жетишсиздиги адамдын акыл-эсинин өспөй калуусуна алып келээри белгилүү. Бул коркунучтуу илдет Ошто да кеңири тараган. Адистердин айтымында, оорунун бирден бир себеби - элдин жакыр жашоосу жана витаминдерге бай тамакты тоё ичпегендиги.

Адамга күнүгө 100 микрограммга чейин йод талап кылынат. Анын 60% жашылча жемиштен, 30% эт, сүт азыктарынан, 3% абадан, 3% суудан, калганы туз жана башка азыктардан алынат. Бирок бүгүнкү күндө мындай рационалдуу азыктануу ар бир эле үй-бүлөнүн чөнтөгүнө туура келе бербейт. Айына 600 сом айлык алган мугалим Кадырбек кантип 5 баламды витаминдүү тамактандыра алам дейт:

- Мектепте мугалим болуп иштейм, 600 сом айлык алам. 5 сотыхтан жер үлүшү тийген ар бир жанга. Ошого буудай айдасак бир жылга жетпей турган нан болот. 600 сом айлык эмнеге жетет азыр?! Саан уюбуз бар, ошону менен эптеп тиричилик кылабыз. Балдарга витаминдүү тамак алып берейин деп көп эле ойлойм.

Ал эми Карасуу районунун жашоочусу Майрам Арстанбаева жалгыз саан ую күн сайын берген 4-5 литр сүтүн да төрт баласына ыраа көрбөй, шаарга алып келип сатаарын айтты:

- Төрт балам, анан бир уюм бар, 2-3 күндө 4-5 литр сүт чыгат. 7-8 тоогум бар. Алардан 3-4 жумуртка алам. Аны сүткө кошуп алып барып базарга сатабыз. Анын болбогон акчасы наныбызга, чайыбызга, тузубузга жарайт. Эптеп күн өтүп жатат.

Бул көйгөй тууралуу Ош облустук көп тармактуу балдар ооруканасынын эндокринолог дарыгери Мавлюда Батырова буларга токтолду:

- Эгер йод жетишпесе, баланын бою өспөй, акыл-эси начарлап калат. Эң жаманы - балдар жыныстык жагынан жарамсыз болот.

Совет бийлигинин тушунда йоддун жетишсиздиги сезилчү эмес, анткени, күнүмдүк керектелүүчү туздун курамына йод кошулуп турчу жана ага көзөмөл катуу эле. Ошондон улам богок менен ооругандар аз эле. Азыр тузга андай көңүл буруу жок, туз туш келди сатылып жатат.

- Туздар йоддолбой сатылып атат, - дейт Мавлюда Батырова. - Пачкасында йоддолгон деген жазуу турат, бирок текшерип көргөнүбүздө йод жок. Бир килограммда 4 микрограмм йод болуш керек. Ошол стандартка туура келбей атат.

XS
SM
MD
LG