Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

УКРАИНА: ЭКОНОМИКА ЫРААТТУУ ӨСҮҮ ЖОЛУНА ТҮШТҮ


Украинанын экономикасы өтүп бараткан 2003-жылы 9 процентке жакын өсөт деп болжолдонууда. Мындай чоң өсүш эң алды өлкөнүн химия жана металлургия өнөр жайынын акыркы жылдары дүйнөлүк базарга өтүмдүү продукцияны сата баштаганы менен түшүндүрүлөт. Анын негизинде элдин азык-түлүккө, өнөр жай товарларына жана турак-жайга болгон талабы өсүп, тамак аш, жергиликтүү машина өнөр жайы жана курулуш тармагынын жандануусун тездеткен.

Украинанын экономикасы Советтер Союзу кыйраганда башына түшкөн алааматтан акырындап айрылып, бир ыраатка түшө баштаганына 5 жылдын жүзү болду.
1999-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 1, 2 процентке, 2000-жылы 5, 9, 2001-жылы 9,2, ал эми өткөн 2002-жылы 4,8 процентке өскөн болсо, үстүбүздөгү жылы 8, 6 процентке өсөт.

Украинанын өнөр жайы бир ыргакка түшкөнүн ырастаган башка да дилдер бар.
2003- жылда жаңы турак үйлөрдү сатып алган адамдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 20 процентке көбөйдү. Чогултулган салык өкмөттүн чыгымына караганда 3 процентке көп болду.

Эл аралык “Fitch” агенттиги Украинанын улуттук акчасы гривнага “В + “ деген баасын берди. Бул гривна узак мөөнөткө туруктуу акчага айланды дегенди билдирет.

Премьер-министр Виктор Янукович октябрь айында парламентте сүйлөгөндө, акыркы жылдары химиялык жана металлургиялык ишканалардын продукциясын тышкы базарга сатуунун көбөйүүсү экономикалык өсүүгө олуттуу салым кошконун жана экспорт ички дүң продукциянын үчтөн экисин түзгөнүн сыймыктана белгилеген.

Бирок, быйылкы экономикалык жылыш экспортко эмес, ички керектөөгө ыңгайлашкан жыгач иштетүү, курулуш, жеңил жана машина өнөр жайынын продукцияларына болгон керектөөнүн өскөнүнө байланыштуу болду.

“Экспорт макроэкономикага оң таасир этти. Металл жана химия өнөр жайы жанданып, жарнакташ ишканаларды алга сүрөп кетти”, - дейт Улуттук банктын экономисти Валерий Левицкий.

Экономика өз бутуна ишенимдүү турганы быйыл жайда ырасмий Киев казынадагы валютанын кору Эл аралык валюта фонду -МВФтин 1, 5 миллиард доллар карызыны жабууга жетет дегенде айкын болгон.
Экономика министри Валерий Хорошевскийдин айтышынча, экономикасы кубатуу жана европалыктар коомуна кошулууга дилгир Украинанын МВФке карыз экени уят иш.

Украина аянты боюнча Европанын эң чоң өлкөсү. Калкынын саны борюнча төртүнчү орунда.

Бирок, өндүрүшкө түздөн түз салынган тышкы инвестициянын көлөмү өтө аз, 3 миллиард доллардан ашпайт. Коңшулаш 43 миллион элдүү Польшага, экономикасы өйдө-ылдый болуп турганына карабай, жылына кеминде 3 миллиард доллар инвестия салынат. Ал эми 10 миллион калктуу Чехия менен Мажарстанга ар жыл сайын азы 4-5 миллиард доллар капитал келет.

Талдоочулардын айтымында, Украинанын мыйзамдары чет элдик инвестиция үчүн ыңгайлуу эмес. Өкмөттүк чиновниктер инвестицияны дос-тааныштарына бердирүүгө аракет кылышат же пара алмайын, ишти алга жылдыртышпайт. Анын кесепетинен япондордун “Исузу” компаниясы жүк ташуучу автомобилдер заводун куруудан баш тарткан. Япониянын тышкы иштер министри атайын билдирүү жасап, Украинадагы “инвестициялык климатты акылга сыйбайт” деп атаган. Ошол эле учурда Запорожьедеги автомобиль заводуна салыктан жеңилдик берилген.

Transparency International уюму да Украинаны Европанын өтө коррупцияланган өлкө деп тапкан.

Украина ишкер адамдар үчүн да кооптуу. Декабардын алагчкы күндөрү Киевде турак жай сатууга адистешкен чоң фирманын башчысы Валерий Прышаны чак түштө белгисиз бирөөлөр атып кетти. Андан эки жума мурда Прышанын атаандашы Владимир Киселдин машинеси жардырылып, Кисель өзү аман калган болчу.

XS
SM
MD
LG