Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:01

ӨКМӨТ БАШЧЫ ДА КАРЫЗГА АКЧА АЛАТ, БИРОК КАНДАЙ ШАРТ МЕНЕН? КЕРБЕН ЧУУСУН КАРАГАН ПАРЛАМЕНТ ЭМНЕ ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРДЫ? ТЕГЕРАНДАГЫ ЖОЛУГУШУУЛАР ПАЙДА БЕРДИБИ?


Үйүн алмаштыруу максатында өкмөт башчы Николай Танаев 102 миң доллар жеңилдетилген насыя алган. Бул тема кыргыз басылмаларында кызуу талкууга алынууда. Президент А.Акаевдин Иранга иш сапары, эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык кызматташуу өнүгүп баратканы да арбын жазылды. Жаңы жыл алдында буга чейин аткарылган иштер, алдыдагы милдеттер, каалоо-тилектер байма-бай айтылууда.

Өкмөт башчы Николай Танаев үйүн алмаштыртуу максатында «Электр тармактар» ачык акционердик коомунан жыл башында 102 миң доллар насыя алганын шейшембидеги «МСН» гезитинде Рина Приживойт «Жакыр премьерге жардам кылгыла!» макаласында жазып чыкты. Сөздү авторго узатсак:

- «Электрстанциялары» компаниясынын деректирлер кеңеши бар, - дейт Рина Приживойт. - Анын төрагасы премьер-министр Николай Танаев. Премьер-министр деректирлер кеңешине үй шартын жакшыртуу үчүн акча бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылат. Кеңеш үстөк пайызы жок 102 миң доллар насыяны дароо бөлүп берет. Бизде ушундай - электр акысын төлөй албаган карапайым калктын электр зымын үзүп, электр акы өндүрүү боюнча жалпы улуттук өнөктүк өтүп атпайбы. Өкмөттүн мындай «камкордугуна» караңгыда отурган эл ыраазы болушу керек.

Р. Приживойттун айтымында, Н.Танаевди жаманатты кылуучу материал таасирдүү адамдардын колунда бир жылга жакын сакталып, сааты келгенде чыгып отурат.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Кербендеги окуяны эки күн кызуу талкуулап, аягында бир жыйынтыкка келе алышпай, курч маселени арабөк калтырышканын шейшембидеги «Агым» гезитинде Мамат Сабыров жазып чыкты. Ушул эле темага «Аалам» гезити да жаңы санында кайрылган.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин насыяга алган карыз акчасы тууралуу «Агым» гезити момундай болжолун ортого салган: «Эгер бул факт чын болсо, карапайым калк каржалып турганда Николай Тимофеевичтин мындай жоругу бийликти ого бетер жек көрдүрүп, коомчулуктагы социалдык жараны ырбатканга гана жарайт».

«Аалам» гезитинин жаңы санында мамлекеттик тилдин азыркы абалына кабатырланган окурмандардын парламентке кайрылуусу, адам укугун коргоочулардын пикирлери жарыяланган.

Президент А.Акаевдин Иранга иш сапары ийгиликтүү аяктаганын шейшембидеги «Кыргыз туусу», «Эркин тоо», «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек» гезиттери маалымдашты. Бул басылмаларда президент А.Акаевдин маалымдоо каражаттарын жана журналисттерди коргоо максатында парламентке сунуш кылган мыйзам долбоору жарыяланган.

Бул жылды Кыргызстан тынч жыйынтыктап жатканына шейшембидеги «Республика» гезитинде Замира Сыдыкова токтолгон. Келерки жылы президенттик шайлоо даярдыгы күчөйт. «Жаат-жаатка бөлүнгөн Кыргызстандын шартында жалпы калктын колдоосуна ээ болуп, президенттик орунга жетиш үчүн азыркы оппозиция ичара бөлүнгөндү токтотушу керек», деп белгилейт макала автору.
XS
SM
MD
LG