Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:51

БҮГҮН ПАРЛАМЕНТТИК УГУУДА 2004-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИ ТАЛКУУЛАНАТ


Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитеттин демилгеси менен 2004-жылдын бюджети тууралуу мыйзам долбооруна арналган парламенттик угуу өтөт.

Эмдиги жылдын бюджети негизинен социалдык багытта түзүлгөнүн өкмөт дамамат белгилеп келет. Премьер-министр Николай Танаев 2004-жылдын бюджетин талкууга алган парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында эларалык каржы уюмдарынын жетекчилери менен ырааттуу сүйлөшүүлөр өткөнүн, республика эмки жылы 10 млн. доллардан ашык акчаны тышкы карыздарга төлөй тургандыгын ачыкка чыгарды.

Кийинки жылдын аягында Париж клубу Кыргызстандын 451 млн. доллар карызын кечүү маселесин карайт. Ага чейин кыргыз өкмөтү экономикалык көрсөткүчтөрүн ыраатка келтириши абзел. Эларалык каржы уюмдарынын сунушу менен өкмөт айыл-чарба өндүрүшчүлөрүнө кошумча нарк салыгын киргизип, кыймылсыз мүлк салыгын чогултууну баштаганы турат. Республиканын каржы министри Болот Абилдаевдин айтымында:

- Эмдиги жылдын бюджети сырттан келчү гранттарды кошкондо 18 млрд. 713,9 млн. сом болору болжолдонууда.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Бюджет жана каржы маселелери боюнча комитетинин төрагасы Марат Султановдун пикиринде:

- Эң биринчи иретте, өз мүмкүнчүлүгүбүзгө карашыбыз керек.

Ансыз бюджеттин көзүн карап отургандардын маянасын көтөрүп, социалдык жардам көрсөтүү мүмкүн эмес. Өкмөт азырынча салыктарды көбөйтүү аракетине көбүрөөк көңүл бурууда.

XS
SM
MD
LG