Улуу ойчул, акын жана агартуучу Нурмолдонун чыгармалары 37 басма табак көлөмүндө «Нурмолдо» деген ат менен жарык көрдү. Китеп Нурмолдонун чыгармачылыгы тууралу президент Аскар Акаевдин «Философиясы жок элдин келечеги болбойт» деген баш сөзү менен ачылып, академик Аскар Какеевдин, окумуштуу-адабият изилдөөчү Омор Соороновдун макалалары жана Нурмолдо тууралу эскерүүлөр менен жыйынтыкталган.
Нурмолдонун чыгармаларын эл арасынан Калмурат Рыскултегин жыйнап-чогултуп, Академиянын кол жазмалар фондуна тапшырган. Мына ошол кол жазмаларды редакциялап, басмага даярдаган белгилүү адабиятчы Омор Сооронов агайга сөз узаталы:
- Нурмолдонун чыгармаларынын жарык көрүшүндө Калмурат Рыскулов менен академик Аскар Какеевдин эмгеги зор. Нурмолдонун китеби Кыргызстандын бардык мектептерине бекер таратылмак болду. Бул-жаштарыбыздын дүйнө таанымына, Нурмолдону таануусуна чоң өбөлгө болмокчу. Ал эми Нурмолдонун чыгармалырынын өзгөчөлүгү тууралу сөз - алдыда. Нурмолдонун «Замана закымдары»түрмөгүндөгү «Пенде» аттуу ырындагы көзү өткөн адамга карата айтылган «кутулуп кетет кууганың»
деген сап өтө терең ойго салган.
Нурмолдонун Омор агай жогоруда белгилеген «Пенде» аттуу ыры менен кененирээк таанышалы:
Күнгө төрө пендебиз,
Күнкор пенде нетебиз?
Ажал жетип күн бүтсө,
Ааламдан бир күн өтөбүз.
Бул жалганчы дүйнөдө,
Өлбөйт эмес, өлөбүз.
Ажал жетип күн бүтсө,
Ааламдан бир күн өтөбүз.
Кутулуп кетет кууганың,
Кубатым дейт тууганың,
Заарканып ыйлайт алганың,
Сагыр калат балдарың.
Жашоонун маани-маңызын өтө терең ойчулдук менен айта алган акын Нурмолдонун дүйнө таанымы, чыгармачыл ааламы ар жактуу, кенен жана терең. Акындын чыгармалары дастандардан, ырым-жырымдарга байланышкан ырлардан, кошоктордон, табышмактардан, өлөңдөрдөн, обондуу ырлардан турат. Нурмолдонун элдик ырларга айланып кеткен 50дөн ашык обондуу ырлары бар экенин айтат Калмурат Рыскултегин. Ошондой эле Нурмолдонун манасчылык, апсундук-олуялык өнөрлөрү тууралу да сөз жүрөт жыйнакта. Эмесе Нурмолдонун «Санат» ырынан бир шиңгил:
Бар ишиңиз так болгой,
Бетеге кетер бел калар,
Байыртадан бейакыл,
Бектер кетер, эл калар.
Байкаң, жана не калар,
Бирлиги зор калк калар,
Арналган адам оглуга,
Акылмандык даңк калар.
Уркуларын улаган,
Улама жазган кат калар.
Улуу Нурмолдо акын 1838-жылы Ала-Бука районунун Кош-Терек айылында туулуп, 1920-жылы дүйнөдөн кайткан. Изилдөөчүлөрдүн маалыматтарына караганда Нурмолдо Кашмирде окуган, Намангандагы кыргыз медресесинде мугалим болуп иштеген.