Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

Ооганстан жаңы конституцияны жактыруунун алдында турат


Жалпы улуттук кеңеш - Лоя Жыргада бүгүн президенттик бийликти караган долбоор колго салынат деп күтүлүп жатат. Мындай долбоор өткөөл президент Хамид Карзайдын колдоосуна ээ. Кечээ делегаттар президент Карзай менен парламенттик башкарууну жактаган фракцияларды элдештирүү менен алек болушту.

Делегаттар АФП агенттигине президенттик системаны кабыл алышканын, бирок «Өлкөнүн мамлекеттик тилдери кайсылар болот?», «Ооганстанда эркин базар мамилеси орнош керекпи?» жана «Жогорку билим алуу үчүн акы киргизилеби?» деген суроолор боюнча мунасага келе электигин айтышты. Конституция жактырылса, 2004-жылдын июнь айында жалпы шайлоо өткөрүлөт.

Анын аралыгында, Кабулдун эл аралык аба бекетинин жанында машинада катылган бомба жарылды. Жардыруудан аз эле дегенде алты киши, анын ичинде ооган чалгын кызматкери набыт болду. Бир нече шектүү адам камакка алынганын Кабулдун коопсуздук кызматынын өкүлү билдирди.

XS
SM
MD
LG