Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУК ИРАНГА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМЫН УЛАНТУУДА


Ирандын түштүгүндөгү Бам шаарында ишемби күнү болгон кырсыктан кийин азырынча 30 миңдей кишинин сөөгү табылды. Ондогон өлкөлөрдүн өкмөттөрү Иранга жардам катары 500 миллионго жакын доллар каражат бөлүп берди.

Зилзаладан кийин дээрлик жер менен жексен болгон Бам шаары жайгашкан Керман вилайетинин расмий өкүлдөрү азыркы негизги максат – ар кандай эпидемияларды болтурбоо чараларын көрүү деп белгилешти. Өлкө президенти Мохаммад Хатами дагы жер титирөөдөн кийинки эмоцияларды артта калтырып, эми тирүү калгандар үчүн конкреттүү иштер жасалсын деген буйрук берди.
Бамда жана анын айланасындагы айыл-кыштактарда элди эмдөө өнөктүгү башталды. Айрым дарыгерлер кырсыктын аймагында холеранын жанып кетүү коркунучун да четке кагышпайт.

Вилайеттин жетекчилери чөлкөмдө дагы бир олуттуу көйгөйдү да белгилеп жатышат. Атап айтканда, кырсыктан кийнки баш аламандык менен пайдаланып, ураган турак-жайларды, өлгөндөр менен жараат алгандарды талап-тоногон кишилер, же, жергиликтүү калктын сөзү менен айтканда, лөлилер, зилзаланын курмандыктары катары жалган жерден жардам алууга аракет жасашы мүмкүн. Полиция жана Кызыл жарым ай уюмунун кызматкерлерине ошондой шылуундар менен жардамга муктаж болгон элди кантип ажыратып- таануу керектиги жөнүндө атайын көрсөтмө алышкан.

Урандылардын алдында тирүү киши калгандар бар деген үмүт эми калбагандыктан, шаршембиде куткаруучулар шаарды бульдозер менен тазалай башташты.

Керман акимиятынын маалыматына караганда, жумадан бери урандылардан 3 миңдей киши аман-эсен куткарылды. Мамлекеттик сыналгы каналы шейшемби күнү куткаруучулар кыйраган бир үйдүн алдынан кош бойлуу аял менен 11 жашар баланы тирүү алып чыгышканын көрсөттү.

Зилзаладан апаат болгондор жөнүндөгү расмий маалымат табылган денелердин санына негизделип айтылып жүрөт. Шаршембиде өлкөнүн Ички иштер министрлиги өлгөндөрдүн саны 30 миңге жеткенин кабарлады. Бирок жергиликтүү байкоочулар бул көрсөткүч мындан да өсүшү мүмкүн, анткени куткаруучу адистер Бамдын чет жактарындагы кыйраган кыштактарга жетише элек. Бирок расмий өкүлдөр бул жөнүндө эч кандай курулай жоромолго жол бербей турушканын белгилешүүдө.

Бам калаасынын калкы жер титирөөгө чейин 90 миңге чамалап барчу. Анын айланасындагы айыл-кыштактарда дагы ошончолук сандагы эл жашачу. ИРНА маалымат агенттиги ооруканаларга жеткирилген адамдардын саны 6-8 миңдей болчу, ушу тапта алардын көпчүлүгү чыгарып жиберилген деп кабарлады.

Ошол эле булактын ырастоосунда, дүйнөнүн 44 өлкөсүнөн 120дай учак куткаруучу топтордон тышкары ар кыл гуманитардык жардам жеткирип келген. Куткаруучу, дарыгелердин арасында америкалык 80дей адис бар.

Ирандын президенти Хатами АКШнын жардамын кубаттоо менен кабыл алып, бирок Вашингтон Иранга карата өз саясатын өзгөртмөйүнчө, эки мамлекет ортосундагы мамиле жакшырбайт деп баса белгилеп кетти.

Эл аралык коомчулук Иранга жардам берүүсүн улантууда.

XS
SM
MD
LG