Бүгүнкү шайлоого добуш берүүчү катары катышкан мурдагы президент Эдуард Шеварднадзе мырза Михаил Саакашвили үчүн добуш бергенин маалымдады.
Шайлоого чейинки сурамжылоолорго караганда, Саакашвилинин президент болуп калуу мүмкүнчүлүгү башкаларга салыштырганда алда канча көбүрөөк. Грузиядагы кээ бир дипломаттар айткандай, бул шайлоо бир кишинин өзү менен өзү ат салышуусундай болуп калмакчы. Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун алгачкы жыйынтыктары тууралуу маалыматты эртең жарыялайт, бирок айрым көз каранды эмес байкоо жүргүзүүчүлөрдүн оюнча, бүгүнкү шайлоого катышкандардын 80 пайыздан ашууну Саакашвилини колдоп добуш беришкен.
Тбилисилик аналитик Александр Рондели Саакашвилинин популярдуулугун мындайча түшүндүрөт:
- Саакшвилини калктын көпчүлүгү колдойт. Ал жарык жүздүү, тың жаш жигит болгондугу үчүн элге жагат. Ал өз максаттарына жете алат. Грузия Шеварднадзесиз болот деди эле, ошол максатына жетти.
Биринчи эле турда жеңип чыгыш үчүн Саакашвили добуштардын кеминде 50 пайызын топтошу керек болчу.
Айтмакчы, бир катар партиялардын лидерлери өз жолдоочулары менен бирге, өнөктүктү бойкоттой турганын жарыялашкан эле. Шайлоо участкаларына добуш берүүчүлөрдүн жарымынан кеми келсе, анын жыйынтыгы жараксыз деп табылмак. Ошондуктан Саакашвили шайлоо алдында мекендештерине кайрылып, шайлоо чөлкөмдөрүнө келип, добуш берүүгө жандуу катышууга үндөгөн:
- Саакашвили ат салышууну жеңип алды деп күн мурунтан ойлобогула. Шайлоочулар келбесе, биз добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоого барбайбыз. Анда мен шайланбай калам. Мен Шеварднадзенин жолун кайталасам, анда Грузияда баш аламандык менен массалык тартип бузуулар башталат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зураб Чиаберашвили болсо: “Жетиштүү сандагы шайлоочу келбесе – бул өлкөнүн туруктуулугуна терс таасир тийгизет”, - деген пикирин кошумчалаган. Эми буш шайлоону жарактуу деп табуу үчүн негиз бар.
Aт салышууга Саакашвилиден башка дагы төрт талапкер катышты: Шеварднадзенин тушунда аймактык жетекчи болуп иштеген Теймур Шашиашвили, эки юрист Картлос Гарибашвили, Роин Липерталиани жана майыптар коомунун жетекчиси Заза Сихарулидзе.
Ал эми айрым саясий эксперттер менен журналисттер “жибек ыңкылабын” жетектеп, эски режимди кулатууга жетишкен Саакашвилинин жарылып-бөлүнгөн өлкөнү жетектөөгө кудурети жетеби? - деген мазмундагы шегин билдирүүдө.
Өзүнүн шайлоо өнөктүгү маалында Саакшвили Грузиянын Батыш менен байланыштарын бекемдөөгө, жикчи (сепаратисттик) жумурияттарды кайра кайтарып алууга, өлкөнү жакырчылыктын сазынан алып чыгууга сөз берди.
Албетте, мунун бардыгы оңой эле ишке аша койбойт. АКШ, мисалы, 11 жыл ичинде Грузияга 1 миллиард доллардан ашуун каражат жардам катары бөлүп берген. Ага карабай, убактылуу президент Нино Буржанадзе айткандай, мамлекеттик казына дээрлик бош, экономика болсо кыйраган абалда.
Карапайым калк эл аралык көмөк жанданса, биринчиден, өлкөнүн экономикасы калыбына келтирилет, экинчи жагынан, Россиядан көз каранды болуп калуу коркунучу жоюлат деген үмүттө.
Саясий туруктуулук орнотуу да өтө оор маселелердин бири.
1991-жылкы согуштан кийин Грузиянын айрым аймактары бөлүнүп, ушу тапта Абхазия, Түштүк Осетия жана Ажария борбордук жетекчиликке баш ийбейт.
Ажар лидери Аслан Абашидзе жекшемби күнү жумурият аймагында шайлоо участкаларынын ачылышына жол бербей турганын кайталап келген эле. Бирок бир нече күн мурун, белгисиз себептерден улам, мындай чечиминен баш тыртып, Абашидзе анын “Кайра жаралуу” партиясы шайлоого катышпайт, ал эми калк добуш бере берсин деп жарыялады.
Грузиядагы саясий өнөктүккө эл аралык уюмдардын өкүлдөрү байкоо салууда. Кыргызстандын айрым оппозициячыл саясатчылары да көз каранды эмес байкоочу катары Грузияда жүрөт.
Соңку күндөрдөгү бир катар жардыруулардан улам, жергиликтүү полиция күжүрмөн абалга келтирилген.