Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:13

ТҮШТҮК АЗИЯНЫН 7 ӨЛКӨСҮ 2006-ЖЫЛЫ ЭРКИН СООДАЛАШУУГА ӨТӨТ


Амирбек Усманов, Прага шаары Бүгүн, жекшемби күнү, Карачи шаарында Түштүк Азия өлкөлөрүнүн үч күндүк жыйыны ачылды. Жыйын соңунда региондун 7 өлкөсү эркин соода аймагын түзүү жөнүндөгү жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча келишимдерге кол коюлат. Саммитке Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпайи да келди. Бул Индия лидеринин акыркы беш жылда Пакистанга биринчи ирет келиши. Важпайи жыйын учурунда Пакистандын жетекчилери менен кездешет деген үмүт бар.

Түштүк Азия эркин соода аймагы (кыскача аталышы ТАЭСА) жөнүндөгү келишимге үч күндүк жыйында кол коюлат да, 2006-жылдын 1-январынан тартып келишим күчүнө кирет.

Келишимге кошулган 7 өлкө: Бангладеш, Бутан, Индия, Малдив, Непал, Пакистан жана Шри Ланкада дүйнө калкынын бештен бири жашайт. Жети өлкө калкынын дээрлик тең жарымы жакыр.

Регион өлкөлөрү өз ара экономикалык кызматташууну өркүндөтүү багытындагы биринчи кадамды 1985-жылы Түштүк Азия региондук кызматташуу ассоциациясын түзүүдөн башташкан.

Ассоциация экономикалык карым-катнашты бекемдөөгө катар мамлекеттер аралык кызматташуу аркылуу элдин жашоосун жеңилдетүүнү өз алдына максат кылып алган болчу.

Ырасмий маалыматтарга караганда, ТАЭСА келишиминде каралгандай, региондогу 7 өлкөнүн өз ара соодада жаңы тариф режимине өтүүсү үч мөөнөт менен ишке ашырылат.

Пакистан жана Индия 2009-жылы чет элдик товарларджан алынчу тарифтин өлчөмүн 5 проценттен нөль процентке түшүрсө, Шри Ланка кийинки 2010-жылы эркин соода режимине толук өтөт.

Ал эми экономикалык дарамети төмөн Бангладеш, Бутан, Малдив жана Непал мамлекеттери келишимде каралган товарлардан алым-салыктарды алууну 2014-жылдын башына токтотушат.

Пакистандын соода министри Хуршид Махмуд Казуринин сөзүнө караганда, келишимге жараша ар бир мамлекет өзү маанилүү эсептеген товарлардын
тизмесин түзүп, алардын тарифи азайтылбайт.

Байкоочулардын болжошунча, эркин соода аймагын түзүү Түштүк Азия региондук кызматташуу ассоциациясына мүчө бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу. Ошондо да, Кашмир жаңажалы жакын кызматташууга бөгөт болуп турган Индия менен Пакистан үчүн жаңы келишим абдан маанилүү.

Эки өлкө азыр ырасмий түрдө, Франс пресс агенттигинин маалымдашынча, жылына 204 миллион долларга соодалашат. Бирок, эксперттердин эсеби боюнча, Индия-Пакистан ортосундагы жылдык сооданын көлөмү аз дегенде 1,5 миллиард долларга барабар болот.

“Жакшы карым-катнаш болсо, жакынкы эки жылда Индия менен Пакистан ортосундагы сооданын жылдык көлөмү 4 миллиард долларга чыгып барат”,- деп боолгойт Түштүк Азия өлкөлөрүнүн Соода палатасынын өкүлү Вакар Ахмед.

Ырас, Пакистандын ишканаларына Индиянын арзан товаралы менен атаандашууга туура келет. Анткен менен, Пакистандын соода министрлигинин өкүлү Зафар: “ Индиянын машина куруу секторунун продукциялары мыкты болсо, биздин текстил өнөр жайбыз күчтүү”,- дейт.

ТАЭСА келишими, Индия-Пакистан соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Илияс Билоурдун пикиринче, калктын арзан товарларды сатып алуусуна шарт түзүп, эки өлкөдөгү жыкырчылкты кыскартууга кызмат кылат.

Талдоочулар регион аралык соода ядролук куралдары менен бири бирине айбат көрсөтүп жаткан эки өлкөнүн мамилесинин жакшыруусуна да өбөлгө болоруна көңүл бөлүшөт.

Индиянын премьер-министри Атал Бахари Важпайи да : “Эгер жыйын ийгиликтүү өтүп, кызматташууга кенен жол ачса, бул өтө жакшы иш болот, башка да аймактардагы талаш-тартышты жөндөөгө жардам кылат”,- деп билдирди Карачиге ишемби күнү келип түшөр менен кабарчыларга берген интервьюда.

Бул Индиянын өкмөт башчысынын Пакистанга акыркы беш жылдагы биринчи сапары.

Түштүк Азия региондук кызматташуу уюмунун былтыркы саммити Индия менен Пакистан арасындагы курч кырдаалга байланыштуу болбой калган.

XS
SM
MD
LG