Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Кызыл деңизге кулап түшкөн учактын сыныктарын издөө улантылууда


Кызыл деңизде куткаруучулар “Боинг-737” номерлүү авиалайнердин “кара кутусун” издеп атышат. Учак кечээ күнү Мисирдин Шарм-аш-Шейх курортунан кетип баратып деңизге кулап түшкөн. Издөө иштерине катышканы Мисирге француз адистери келишти.
Учактын сыныктары 800 метрден 1000 метрге чейинки тереңдикте жатат. Ал жерде адатта акулалар көп болот, бул өз кезегинде суучулдарга коркунуч келтирүүдө. Ишемби күнү Мисирдин авиация министри Ахмед Шафиктин айтканына караганда, кырсыкка террордук аракет эмес, техникалык жагдайлар себеп болгон. Парижге бараткан мисирдик учакта 135 жүргүнчү жана экипаждын 13 мүчөсү бар болчу. Жүргүнчүлөрдүн көбү француз туристтери болушкан.

XS
SM
MD
LG