Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Түндүк Корея боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөр кийинкиге жылдырылмак болду


Дүйшөмбүдө Кытайдан келген жогорку даражалуу делегация Москвада түндүк корей проблемасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоонун мүмкүнчүлүгү тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков менен пикир алышты. Бирок жолугушуудан соң А. Лосюковдун билдиргенине караганда, түндүк кореялык сүйлөшүүгө катышкандардын ортосундагы пикир келишпестиктердин айынан сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо кийинкиге калтырылмак болду. Түндүк Кореянын өзөктүк программасынын тегерегиндеги кризис боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи бөлүгү былтыр августта Бээжинде өткөрүлгөн. Ага эки Кореянын, АКШнын, Кытайдын, Жапониянын жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы качан болору белгисиз. Бул жумада Пхеньяндын чакыруусу менен Түндүк Кореяга эки америкалык делегация барат. Алар Енбондогу өзөктүк борборго барышат деген маалымат бар. Ак Үйдүн билдиргенине караганда, бул делегациялардын иш сапары расмий мүнөздө болбойт.

XS
SM
MD
LG