Президент Жорж Буш Ливияга каршы санкциясын узартты. Ак Үй кечээ жарыялаган билдирүүдө Ливиянын кыргын салчу куралдарды өнүктүрүүдөн өткөн айда баш тартуусуна оң баа берилип, бирок, эми анын чын-төгүнү “конкреттүү кадамдар менен ырасталыш керек” деп айтылат.
Вашингтон Ливияга каршы санкциясын 1986-жылдан бери жыл сайын жаңылап турат.
Ливия бортунда 270 адам болгон АКШлык жүргүнчү учактын 1988-жылы жардырылышы боюнча жоопкерчиликти өзүнө алып, ал үчүн компенсация төлөп берүүгө макулдук бергенден кийин, былтыр сентябрда Бириккен Улуттар Уюму Ливияга каршы санкциясын токтоткон.