Америкалык делегация Түндүк Кореяга Йонбен атомдук комплекси менен таанышып чыгуу үмүтү менен учуп кетти. Өлкөдө толук кандуу иштеген өзөктүк ишкана жок. Бирок дал ошол Йонбендеги атомдук реактор өзөктүк курал чыгаруу программасынын бир бөлүгү болушу мүмкүн деген шек бар. Мындан бир жылай мурун Пхеньян эл аралык инспекторлордун аталган комплексти текшерүүсүнө тыюу салып, Түндүк Кореянын өзөктүк долбоорунун айланасындагы кризис кайра жанданган болчу.
Ал эми америкалык чабармандар алиги комплекске бара алышабы же жокпу муну расмий Пхеньян да тастыктай элек.
Делегациянын башчысы, Стэнфорд университетинин профессору Жон Льюис мындай уруксат алуу күмөн экенин айтат. “Азырынча эч нерсе айта албайм. Баардыгы кайтып келгенибизде белгилүү болот”, - деди профессор Льюис.
Делегациянын курамында Мамлекеттик департаменттин Түндүк Кореядагы мурунку өкүлү, эки сенатордун жардамчылары жана башкалар бар. Вашингтон аталган топ Буш администрациясынын атынан жиберилбегенин баса белгилөөдө. Расмий Вашингтон Түндүк Корея менен алты тараптуу баарлашууну улантуу турумунда кала берүүдө.
Россия, АКШ, Жапония, Кытай жана эки Кореянын өкүлдөрү былтыр августта сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын өткөрүшкөн эле. Талкууларды улантуу, негизинде, макулдашылган. Бирок анын күн тартибине байланыштуу талаш-тартыштардан улам, ал кечеңдетилип келатат. Маселен, Вашингтон менен Пхеньян Түндүк Кореянын өзөктүк долбоорун жоюунун жол-жоболору боюнча эки ача позицияда. Интерфакс агенттиги дүйшөмбүдө маалымдагандай, сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасынын ушул айда өтүүсү күмөн. Анткени АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы пикир келишпестиктер өтө олуттуу. Анын үстүнө орустардын Рождество - Ыйсанын туулган күнү майрамы менен кытайлыктардын жаңы жылы да жакындап калды.
Сүйлөшүүлөрдүн активдүү катышуучусу болгон расмий Москва Корея жарым аралы өзөктүк куралсыз аймак болушу керек деп эсептейт. Ошол эле мезгилде, Кремль Пхеньян өзүнүн коопсуздугун бекемдөөгө акылуу деген да турумда.
Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов жыл этегинде Түштүк кореялык кесиптеши менен жолугуп жатып мындай деген:
Биз Корея жарым аралы өзөктүк куралдан эркин болушу керек деп ишенебиз. Ал тынчтыктын, достуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн чөлкөмү болушу абзел. Ошол эле убакытта, маселени чечүүдө Түндүк Корея өзүнүн коопсуздугун камсыздоого, ички иштерине кимдир бирөөлөрдүн кийлигишүүсүн болтурбоого акылуу экенин унутпоого тийшипиз.
Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттигинин шейшемби күнкү билдирүүсүндө Пхеньян өзүнүн өзөктүк долбоорун токтотууга даяр экени айтылат. Бирок АКШ Түндүк Корея өзөктүк программасынан таптакыр баш тартсын деген талабын коюуда. Вашингтондун мындай саясаты диалогдун негизине, алты тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандантуу үмүтүнө өз залакасын тийгизиши мүмкүн, - делинет расмий Пхеньяндын билдирүүсүндө.
Түндүк Корея өзөктүк долбоорун токтотуу менен ага каршы киргизилген саясий жана экономикалык камалоодон арылууну, терроризмди колдогон мамлекеттердин “кара” тизмесинен алынып салууну көздөп жатат.
1987-жылы кошуна Кореянын учагын бомба менен атып түшүргөндүгү үчүн АКШ Түндүк Кореяны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн катарына киргизген.
2002-жылдын күзүндө болсо Пхеньян тымызын түрдө уранды байытуунун үстүнөн иштеп жатат деген АКШнын айыптоолорунан кийин айрым өлкөлөр Түндүк Кореяга күйүүчү май экспорттоону токтоткон.