Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

ЖАЛАЛАБАД ШААРЫНДА ЖАШЫЛЧА-ЖЕМИШ САТКАНДАР ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жалалабад шаарында жашылча-жемиш сатып үй-бүлөсүн баккандар 7-январда нааразылык билдирип, облустук бийликке кайрылышты. Жаңы жылдан бери мамлекеттик ар түрдүү кызматтар аларга көчөдө эмес, базарда соодо кылууну сунуштап келишкен. Бийликке кайрылгандар мындай аракеттерди токтотууну айтып, даттанышты.

1-январдан бери өздөрүн тааныштырбаган кызматкерлер жашылча-жемиш, азык-түлүк сатып тирилик өткөрүп аткан аялдардын көчөдө соода жасашына тыюу салууда. 7-январда Жалалабад шаардык санитардык-экологиялык милиция майда соодагерлерди жабык жайда иштөөгө чакырган. Ал тууралуу кесиби кинорежиссер, 10 адамды багып жаткан Саламат Закирова мындай дейт:

- Жаңы жылдан бери соода-сатык кылганы келген элек, тирилик кылып. Ушул жерде бизди тургузбастан кууп, ар жерге айдашып атат.

Саламат Закирова бул иш-чара кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат болуш керек деген ойдо. 4 балалуу Мактым Ахмедова элди эч ким ойлобой калды деген пикирде:

- Менин келгениме бир ай болуп калды, «Мадымар атанын» жанында турабыз. Андан ага, мындан буга кубалайт. Элдин тагдырын ойлогон адам жок.

Жалалабад шаардык санитардык-экологиялык милициянын башчысы Рыскул Кушиев шаар башчысынын буйругуна ылайык көчөлөрдү иретке келтирүү иши жүрүп жатканын, бирок, элди коркутуп-үркүтүү болбогонун маалымдады:

- Бул жерде уруксаты жок эле соода жүргүзүп жатышат. Темир жолдун алдында соода кылгандардын да уруксаты жок. Алма саткандарга атайын базар ачылган, ошол жерде соода кылышы керек.

Нааразы болгон сатуучулар жумушчу орундарын ачууну жана өз укуктарын коргоону өтүнүп, даярдаган кайрылууну губернатор Жусупбек Шариповго тапшырмак болушту. Аларды губернатордун ордуна облустук бийликтин бөлүм башчылары кабыл алды. Бөлүм башчы Ажимамат Исаев шаардык мэрия сатуучуларга түшүндүрүү иштерин начар жүргүзгөнүн белгилеп, маселе 8-январга чейин чечилерине ишендирди:

- Экология, салык кызматы, соода департаментинин кызматкерлери, мэриянын аппараты катышкан жолугушуу өткөрбүз. Эл менен кеңешип туруп, бир чечимге келип, соодагерлердин талабын аткарабыз.

Облустук бийликтин экономика бөлүмүнүн башчысынын орун басары Равшан Шарапов элге базарда соода жасоону сунуш кылды:

- «Азыркы күндө имаратка карганда сыртта жылуу, сыртта соода жакшы болот» деген суроо-талап менен келишип атат. Бирок мөмө-жемиш саткан базарлардын ичи бош турат. Ошол жерде иштешсе өздөрүнө да жакшы болмок, айлана-көчөлөр да таза болмок.

XS
SM
MD
LG