Пакистандын армиясы Ооганстан менен чектеш аймактарда ири масштабдагы антитеррордук операция өткөрүүдө. Согуштук аракеттер Түштүк Вазиристан деген жердеги тоолуу аймакта болуп атат. Ал жактагы жергиликтүү калк талибдер менен “ал-Кайиданы” колдойт. Үч ай мурун бул жерде пакистандык аскерлер “ал-Кайиданы” согушкерлери менен салгылашып, алардын 8ин өлтүрүп, 18ин колго түшүргөн.
Пакистандын аскерлери Ооганстан менен чектеш аймактарда антитеррордук операция өткөрүшүүдө