Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

АКШнын Жогорку Соту президент Буштун антитеррордук аракеттеринин мыйзамдуулугун караштырууга макул болду


Тактап айтканда, Жогорку Сот 2001-жылы Ооганстанда туткундалып, ошондон бери расмий айып тагылбай, темир тор артындагы тар бөлмөдө жалгыз камалып отурган теги америкалык араб Ясер Эсам Хамдинин арызы боюнча угуу өткөрмөй болду. Эксперттер «Хамдинин иши АКШда коопсуздук менен эркиндиктин ортосундагы тең салмактуулук кандай сакталып жатканын көргөзө алат» деп эсептешет. Конституциялык укугунан пайдаланып, өкмөткө арызданып сотко кайрылган Хамдинин ишин АКШнын Жогорку Соту апрелде караштырмакчы. Президент Буштун администрациясы буга чейин сотту бул иштен оолак болууга үндөп келген.

XS
SM
MD
LG