Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

АКШдагы коопсуздук чаралары жеңилдетилди


АКШ жетекчилиги мындан үч апта мурда жарыялаган жогорку деңгээлдеги коопсуздук чаралары кечээ күнү жеңилдетилди. Ички коопсуздук министри Том Риждин айтымында, жаңы жыл майрамы учурунда өлкөдө мүмкүн ишке ашырыла турган террор аракеттеринин коркунучу азайды: "Тыкан каралып чыккан чалгындоо маалыматтарын негизге алып, бүгүн биз коркунуч абалын төмөнүрөөк түшүрдүк, анткен менен коркунуч дагы эле бар, биз жөн гана анын деңгээлин төмөндөттүк жана көрүлүп жаткан коопсуздук чараларынын шарты анча-мынча жеңилдетилет". АКШга келип кеткен авиакаттамдардагы коопсуздук чаралары дагы эле жогору.

XS
SM
MD
LG