Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

15-ЯНВАРДА ФЕЛИКС КУЛОВДУН СОТ ИШИ БОЮНЧА КООМДУК ТАЛКУУ ӨТӨТ


15-16-январда Бишкекте «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан лидери Феликс Куловдун ишине байланыштуу коомдук талкуу өтөт. Анда Ф. Куловду бошотуу маселеси кайрадан көтөрүлүшү күтүлүүдө.

«Арнамыс» партиясы менен «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму Феликс Куловдун ишине байланыштуу коомдук талкууну 2003-жылдын ноябрь айында өткөрүүгө аракет кылган. Бирок имарат табылбагандыктан аны өткөрүү кийинкиге калтырылган. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтымында, эми маселе чечилди. Анткени коомдук талкууну өткөрүүгө Социал-демократиялык партиянын лидери, белгилүү саясатчы, ишкер Алмаз Атамбаев имарат бөлүп берди.

- Коомдук талкууну 15-16-январда өткөрө турган болдук, - дейт Эмил Алиев.

«Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Кулов “улуттук коопсуздук министри болуп турган кезинде кызмат абалынан кыянат пайдаланган” деп айыпталып, 2000-жылы 22-мартта камакка алынган. Ошол эле жылы август айында аскердик сотто анын иши каралып, судья Нурлан Ашымбек уулу тарабынан акталган. Бирок аскердик соттун коллегиясы 11-сентябрда Нурлан Ашымбек уулунун чечимин жокко чыгарган. Ошондон кийин, 2001-жылдын январь айында аскердик сот Куловду 7 жылга кескен. 2002-жылы май айында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту «Арнамыстын» лидерин 10 жылга эркинен ажыраткан. Бул жолу мурдагы айыптоолорго “Чүй облусун башкарып турганда мыйзам бузууларга барган” деген кинелер кошулган.

Феликс Куловдун адвокаттары соттун мындай чечимдерин жокко чыгарыш үчүн апелляциялык арыз менен Жогорку Сотко кайрылышкан. Бирок былтыр август айында Жогорку Сот ишти карап, төмөнкү сот органдарынын чечимдерин өзгөртүүсүз калтырган.

Ф. Куловдун адвокаттары жана партиялаштары маселени эл аралык сотторго алып чыгууну көздөп, Жогорку Соттон чечимдин бир нускасын берүүнү талап кылууда. «Бирок ал да колго тийбей жатат» дейт Эмил Алиев.

- Жогорку Сот ушул кезге чейин чечимди канцелярияга бере элек. Мындай нерсе дегеле тарыхта болгон эмес. Менин оюмча, Жогорку Соттун ичинде саясий оюндар болуп атат, - дейт Эмил Алиев.

Соттун чечими берилбегенге байланыштуу «Жогорку Сот тарабынан Феликс Куловдун иши боюнча биротоло чечим чыга элек” деген да пикирлер айтылууда.

- Жогорку Сот Куловдун маселесин акыр-аягына чейин чече элек. Белгисиз. Эмдиги жылы Жогорку Сот саясий оюндардын негизинде аны актап коюшу мүмкүн, - дейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков.

Ал эми коомдук талкууга кимдер чакырылганын Эмил Алиев мындайча билдирди:

- Ага бейөкмөт уюмдарды, адвокаттарды, сот, прокуратура өкүлдөрүн, дегеле кызыкчылыгы бар тараптардын өкүлдөрүн чакырып жатабыз.

Эмил Алиевдин айтымында, коомдук талкуунун чечими саясий чечим болот. «Анын түздөн-түз юридикалык күчү болбосо да Феликс Куловду абактан бошотуу аракетинде таасири чоң болот», дейт Алиев.

«Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Феликс Куловду 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары көрсөткөн аракеттер анын боштондукка чыгышына таасир көрсөтөт” деген көз-карашта.

- «Арнамыс» жана «Атамекен» партиялары Феликс Куловдун талапкерлигин көрсөтүп жатабыз, - дейт Өмүрбек Текебаев. - Албетте, ал бүгүн эле абактан чыгып, “шайлоого катышам, президент болом” деп айта албашы табигый иш. Бирок мына ушул кырдаалдын өнүгүшү Куловдун акталып чыгышына толук шарт түзөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG