Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Жылдын мыкты маалымат кызматтары аныкталды


БИШКЕК. Мамлекеттик структуралардын маалымат кызматтарынын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүн иликтөөнүн жыйынтыгын бүгүн президенттин маалымат кызматы чыгарды. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин айтымында, сурамжылоого 71 маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Алардын 28и Ички иштер министрлигинин, 23ү Саламаттык сактоо жана 22си Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматтарынын ишине жогору баа беришкен. Ал эми аймактык мамлекеттик администрациялардын маалымат кызматтарынын ичинен биринчи орунду Жалалабад облустук мамлекеттик администрациясынын, экинчи орунду Ош облустук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматтары ээлешти. Конкурска мамлекеттик структуралардын 31 маалымат кызматы катышкан.

XS
SM
MD
LG