Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Россия Грузиядагы аскерий базаларын жакын арада жаппайт


Грузиядагы россиялык эки аскерий базаны жабуу жана ал жердеги аскерлерди чыгарып кетүү боюнча Россиянын коргоо министри Сергей Иванов шершемби күнү ырасмий билдирүү жасады:
- Иш жүзүндө, бул маселе дипломаттык жол менен чечилиш керек. Белгилей кетейин, муну мурда да айткам: эми (1990-жылдардын башында) Германиядан биздин жоокерлерибизди, офицерлерибизди жана куралдарыбызды даярдыксыз ээн талаага чыгарып салган сыяктуу ишке жол берилбейт. Мындай окуя кайталанбайт.
АКШ Грузиядагы россиялык эки аскерий базаны жаап, анын аскерлерин мекенине чыгарып кетүүгө кеткен чыгымды төлөп берүү жөнүндө сунуш киргизген болчу.
Бул сунушту Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик секретарынын орун басары Линн Паскоу шейшемби күнү Тбилисиде жасап, бирок каржылоонун жол-жобосу тууралуу эч кандай маалымат берген эмес.

XS
SM
MD
LG