Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: «УЧУУЧУ ТАРЕЛКАЛАР» КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛГЕНБИ?


Жергиликтүү байкоочулардын бири бүгүн журналисттерди чогултуп, «башка планетага таандык табышмактуу объекттер Кыргызстандын аймагында учуп жүргөнүн күн сайын байкап атам», -деген билдирүү жасады. Бирок, окумуштуулар мындай табылгаларды кубатташпайт. Анын себеби - далилдин жетишсиздигинде.

Белгисиз учуучу объектилер тууралуу Илимдер академиясына жыл сайын 2-3 маалымат түшүп турат. «Учуучу тарелка» же башка формадагы табышмактуу көрүнүштөрдү байкагандар эл ичинде акыркы жылдарда көбөйдү. Алардын бири - Токмок шаарынын тургуну Рустам Мусаев табышмактуу учуучу объектилерге 2001-жылдан бери байкоо жүргүзүп келатканын айтат:

- Мен учуучу объектилерди 2001-жылдан бери такай байкап жүрөм. Адегенде балким, жерге таандык спутник же башка зат чыгар деп бүшүркөп жүрдүм.

Рустам Мусаев башка планетанын тургундары Кыргызстан аймагын чалгындап жүргөнүнө 3 жылдан берки үзгүлтүксүз байкоодон кийин ынанганын айтат:

- Азыр күнүнө ондогон табышмактуу заттар учуп жүрүшөт. Мен аларды ар кыл өңүттө: жай, ыкчам учкандарын, конуп баратканын, кыймылдагандарын көрүү бактысына тушуктум.

Рустам Мусаев учуучу табышмактуу объектилерди негизинен Чүй өрөөнүнөн жана Ысыккөл аймагынан байкап, алардын түстөрүн кызыл, жашкылт-көгүш, саргыч-жашыл жана апакай деп төрткө бөлгөн. Бирок, ырастоочу видеотасма, сүрөт өңдүү далидер жок болгондуктан, илимпоздор ага ынанышкан жери жок.

Өткөн күздө Бишкектик дагы бир байкоочу Рустам Мусаевден айырмаланып, Чүй аймагынын батыш тарабынан табакка окшогон табышмактуу учуучу затты таңга маал көрүп, видеотасмага түшүрүп алган. Бирок, окумуштуу-уфологдор бул тасмага башка планетага таандык учуучу зат эмес, Ганси авибазасынын аскерий учактары тартылгандыгын далилдешкен. Физика-математика илимдеринин доктору Казимир Каримов Токмоктун тургуну Рустам Мусаев жарыялаган жаңы маалыматтын өткөн жылдагы видеобаяндан айырмасы жоктугун, байкоочулар арасында учактарды башка планеталык зат менен айырбаштап алган учурлар көп болоорун айтат:

- Учактар жерге жакындаганда ар кыл түстөгү системаларын өчүрүп-күйгүзүп, конууга даярданат. Аба-ырайы ачык-жарык убакта, таңга маал учактын жаркырактары элипс, айлана сыяктуу формаларга окшошуп көрүнөт.

Чүй өрөөнүндө жашаган бир малчы учуучу табышмактуу заттын конуп-учканын көргөнүн жана ал конгон жерде күйүктүн изи калганын айтат. Муну уфолог-окумуштуу Каримов метеорит толкунунун майда чамындылары дейт:

- Миллиметр, сантиметр чоңдуктагы метеорлор албетте, тийген жерлерди каарып кетет. Ал эми метеорлордун толкуну ааламда айына эки болуп турат.

Рустам Мусаев болсо «табышмактуу көрүнүштөрдү метеорго салыштыруу таптакыр туура эмес» дейт. Ал космостогу объектилердин Кыргызстандын аймагына каттап жаткандыгын далилдөө үчүн мындан ары да аракет кыларын айтат.

Ал эми Казимир Каримовдун айтымында, учуучу объектилерге байланышкан божомолдордун айланасында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө негиз жок. Анткени, мындай божомолдор өтө көп болгону менен, дүйнөдө бир да өлкөдө мунун чын-бышыгын далилдеген окумуштуу чыга элек.

- Бул маселени тереңирээк эч ким иликтеген эмес. Биздин, Орусиянын же Европанын, Американын академияларынын эч биринде бул маселени эч ким иликтебейт. Ар кыл божомолдорду иликтөө максатында НАСА атайын комиссия түзгөн. Бирок, ушу күнгө чейин НАСА деле байкоочулардын ишенимин бекемдегидей бир да тыянак чыгара элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG