Ирандын жетекчилиги Сауд Аравиясына “ал-Каиданын” бир топ мүчөлөрүн кармап берди. Бул тууралуу Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңешинин башчысы Хасан Роухани билдирди. Анын айтымында, Сауд Аравиясы кийинки айларда терроризм менен күрөштө негизинен Тегеран берген тиешелүү маалыматтардын шарапаты менен ийгиликке жетишкен.