Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

ДЕПУТАТТАРДЫН ИШ БӨЛМӨСҮНӨН ТАБЫЛГАН ТЫҢШООЧУ АППАРАТТАР, ОППОЗИЦИЯНЫН БИРИМДИГИ, ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ


Оппозициялык партиялардын жыл башында шайлоо биримдигин түзүшү, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттарынын иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппараттардын табылышы кыргыз басылмаларында байма-бай чагылдырылууда. Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын ортосундагы суу проблемасы, эки тараптуу экономикалык түйүндүү маселелер жайында ой калчаган пикирлер да арбын.

Оппозициялык партиялар биригип «Эл бийлиги үчүн» шайлоо бирикмесин түзүшкөнүн бейшембидеги «МСН» гезити кабарлады. «Быйыл саясий партиялардын нака жүзү кандай экени ачыкка чыгат», - деп айтылат жаңы блок тараткан кайрылууда.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын биртоп депутаттарынын иш-бөлмөсүнөн тымызын тыңшагыч аппараттар табылды. Чоң талаштын чоо-жайына токтолгон Рина Приживойт момундай бүтүм чыгарат: «Бир убакта ушундай чатакка кабылган АКШ президенти Ричард Никсон аялдабай кызматынан кеткен эле. Бирок биз Америка эмеспиз. Алдагыдай жосун президент Аскар Акаевди ынандырышы күмөн».

«КМШ өлкөлөрүндө бийлик акырындап улуулардан жаштарга өтүүдө», деп белгилейт илимпоз Эднан Карабаев гезитте жарыяланган маегинде. Анткен менен «аталарынын» ордуна келген «балдар» саясий жагдайды жакшы жагына багыттай албай, эски муундун көнүмүшү менен иштешүүдө. Улуу муундагы жетекчилер башкарууну мыкты өздөштүргөнү менен, айтылганды ишке ашырууга анчалык маани берчү эмес.

Казакстандын Шардарыя суу сактагычында түзүлгөн кыйын кырдаалды эске алып Кыргызстан электр энергияны өндүрүүнү азайтуу чечимине келгенин бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити маалымдады.

Ушул эле гезитте сынчы Сарман Асанбековдун Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жаңыдан башталган кезин эскерген макаласына да орун берилген. Жазуучунун «Обон» повести ал кездеги аттуу-баштуу жазуучулардын ур-тепки сынына кабылган. Сүйүү тууралуу эң сонун повесть жазган жаш автор жаалаган каршылаштарына ынанымдуу жооп бере албады. “Таланттуу жазуучунун чыгармалары дайыма катуу сынга кабылат”, - деп эскерет автор.

2004-жыл Кыргызстанда болочок шайлоолорго даярдык көрүү менен өтөөрүн, саясий оюнга баңгизаттын арты менен байыгандар, диний чаарбаштар да кошулуп кетээрин 15-январдагы «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Айрым саясат таануучулардын пикири боюнча, антип азыртан эле кооптонуунун кажаты жок. Саясий күрөш тынч-аман өтөт.

Жума күнү жарыкка чыкчу басылмаларда кандай материалдар даярдалып жатканын гезитчилердин өзүнөн уксак. «Кыргыз руху» гезитинде жарыяланчу материалдар тууралуу басылманын баяндамачысы Тенти Орокчиев айтып берет:

- «Кыргыз руху» гезитинин жума күнү чыкчу санында журналист Калил Жамгырчиевдин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйын депутаттарынын иш бөлмөсүнөн табылган тыңшоочу аппараттар тууралуу макаласы, ошондой эле белгисиз бирөөлөр тарабынан токмоктолгон Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыповдун абалын баяндаган кабары жарыяланууда. Мелис Кыязовдун алты партия биригип, шайлоо биримдигин түзүшкөнү, жаңы блоктун «Алга, Кыргызстан!» партиясынан айырмачылыгы жөнүндө ой жүгүртүүсү басууга даярдалууда.

Кеп кезеги «Агым» гезитинин жооптуу катчысы Төлөгөн Карыкеевде:

- «Агым» гезитинин жума күнкү санында Опера жана балет театрындагы чатак тууралуу макала, экономикалык жагдайды талдоого алган Алым Токтомушевдин ой жүгүртүүсү жарыяланууда. Конституциялык соттун белгисиз бирөөлөрдөн токмок жеген судьясы Марат Кайыповдун абалын баяндаган материалга да орун берилүүдө.
XS
SM
MD
LG