Аталган өлкөлөрдөгү бийликтердин каршылыгына карабастан ЕККУ (ОБСЕ) демократияны өнүктүрүүдө аларга мындан ары да көмөктөшө бермекчи. Кечээ Венада ОБСЕнин жаңы төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси ушундай билдирүү жасады. Түркмөнстан менен Белоруссия ЕККУга мүчө болордо өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгына карабастан бу эки өлкөнү обочолонтуп бөлүп салганга болбойт, деп белгиледи Пасси.