Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

КАНАТТУУЛАР САСЫК ТУМООСУ - ӨТӨ КОРКУНУЧТУУ ИЛДЕТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Бириккен Улуттар Уюму акыркы күндөрдө Түштүк-Чыгыш Азияда канаттуулар сасык тумоосунун тездик менен жайылып баратканына санааркоосун билдирди. Бул коркунучтуу дарттан ушул күнгө чейин бир миллиондон ашык тоок кырылып, ал эми анын адамдарга жуккан инфекциясынан улам үч киши каза болду.

Канаттуулар сасык тумоосунун (Bird flu) жайылуусун токтотуу үчүн ушул күндөрү Хо Ши Мин шаарынын крематорийи күндүр-түндүр тыным албай иштеп жаткан кези. Бул жерде өлкөнүн ар кайсы аймактарынан жеткирилип жаткан жүз миңдеген тоок, каз-өрдөк сыяктуу үй канаттууларынын өлүктөрүн өрттөп жатышат.

Канаттуулардын Азия өлкөлөрүндө тутанган жаңы сасык тумоосунан баарынан көп Вьетнам жабыркооодо. Анда бул дарттан бир миллиондон ашык тоок жана өрдөк кырылып калды. Канаттуулардын илдети Жапония менен Түштүк-Кореяда дагы тутанганы маалымдалды.

Үй канаттууларынын чыгашасы, арийне, бул өлкөлөрдүн экономикасына терс таасирин тийгизбей койбойт, бирок окумуштуулар бул коркунучтуу илдеттин адамдарга жайылышынан көбүрөөк чочулап жатышат. Вьетнамда канаттуулардан жуккан сасык тумоодон үч киши өлдү. Оорунун симптомдору ондогон кишилерде аныкталды.

1997-жылы Гонкоңгдо тутанган канаттуулар сасык тумоосу 18 кишиге жугуп, алардын алтоо оорудан көз жумган. Өлгөн кишилердин организминен чыккан вирус канатуулардан табылган вируска окшош болгон эле. Азыр болсо окумуштуулар Вьетнамда жайылып бараткан канатуулар сасык тумоосунун вирусун изилдеп, анын адамга кандайча жуккандыгын аныктоого аракеттенип жатышат.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун өкүлү Питер Кордингли:

- Ханойго бара турган окумуштуулар тобун былтыр Кытайда тутанган өнөгөсүз өпкө оорусун изилдеген окумуштуу баштап барат. Азыр ал өзү менен иштей турган окумуштуулар тобун түзүү менен алек. Окумуштуулар вирустун кайдан келип чыккандыгын так аныктоо үчүн кылдат изилдөөлөрдү жүргүзүшөт .

Канаттуулар сасык тумоосу кайдан келип чыккандыгы так белгисиз. Айрым божомолдор боюнча, вирус үй канаттууларына келгин куштар аркылуу, ал эми адамдарга - үй канаттууларынын эти жана жумурткасы аркылуу жуккан.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун эпидемиологу Винцент Мартин алдыдагы илимий божомолго кошула бербейт. Анын көз карашында:

- Канаттуулардын вирусу адамдын организминдеги сасык тумоонун башка вирустары менен аргындашат жана андан чыккан жаңы вирус кишилердин арасында өтө тездик менен жайылып кетиши мүмкүн. Андай болуп кетсе, ал дүйнө калкы үчүн чоң коркунуч жаратат, - дейт Мартинс.

Бул каргашалуу сасык тумоонун вирусу жуккан канаттуулардын кеминде 90 проценти кырылып калат. Ошондуктан эпидемиолог илдетке өтө кылдат жана тынымсыз көзөмөл кылуу кажет экенин эскертет. Анын айтымында, азыр бул коркунучтуу вирустун кайдан келип чыккандыгын жана адамдарга кантип жугаарын толук изилдеп бүтүүнү күтүп отурбастан, дарттын жайылуусуна каршы чечкиндүү чара көрүү абзел.

Бирок чыгыш (ханзу) календары боюнча Жаңы жыл жакындап келатканына байланыштуу мындай чаралар каалагандай натыйжа бербей калышы ыктымал. Анткени жаңы жылдык дасторкондо тоок менен өрдөктүн этинен жасалган даамдар негизги орунду ээлейт. Буга санааркаган Тайланддын өкмөт башчысы мекендештерин куш этин жегенден азырынча карманууга чакырды.

XS
SM
MD
LG