Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Пакистандын президентинин кайрылуусун депутаттар укпай айгай салышты


Бүгүн Пакистандын президенти Первез Мушарраф 1999-жылы төңкөрүш аркылуу бийликке келгенден бери алгачкы ирет парламенттин кош палатасына кайрылуу менен чыгып, бирок анын сөзүн депутаттар кыйкырык-сүрөөн менен үзгүлтүккө учуратышты. Мушаррафтын 40 мүнөткө созулган кайрылуусун депутаттар үстөлдөрдү муштагылап, улам-улам ызы-чуу салып токтотуп жатышты. Пакистандын президенти мыйзамчыларды жана жалпы элди экстремизмге каршы "жихад, же ыйык согуш жарыялоого" үндөдү. Өткөн айда эле эки жолу өмүрүнө кол салуу болуп, аз жерден аман калган Мушарраф Пакистан коомуна бүлгүн салган бир ууч экстремисттик топторго каршы күрөш жарыялап, Индия менен мамилелерди жакшыртып, талаштуу Кашмир чатагын чечүүгө аракет көрөөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG