Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:44

КЫЗЫКТУУЛАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: СЫНАЛГЫДА – ООГАН ЫРЧЫ АЙЫМЫ. КЕТАМИН ДАРЫСЫ. УЙКУДА КӨРЧҮ ТҮШТҮ ДОЛБООРЛОГОН ЖАБДУУ.


“Кызыктар жана сонундар” апталык берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы сиздерди кайдыгер калтырбайт. Анда ооган ырчысы Салиманын сыналгыдагы концерти, батыш жылдыздары, Балхаш көлүнүн тагдыры, түш жоруган жабдуу тууралуу сөз болот.

Шаршембиде Ооганстандын Жогорку Соту мамлекеттик сыналгыдан ырчы аялдын көрсөтүлүшүнө байланыштуу өкмөткө нааразылыгын билдирди. Жогорку Соттун төрага орун басары муну менен бир катар мыйзамдар менен өлкөнүн конституциясы бузулду деп эсептейт.

Шейшембиде 1970-80-жылдарда кеңири таанымал болгон жергилкитүү ырчы айым Салиманын архивдик тасмасы көрсөтүлгөн. Нажибулланын коммунисттик режими кулагандан бери алгачкы ирет обого чыккан бул музыкалык берүүдө Салима кыска эле бир ыр аткарганына карабай, миллиондогон оогандык көрүүчү 5 мүнөт бою экрандардын алдында жылбай отурду.

Талибандар куулгандан кийин аялдарга карата чектөөлөр алынып салынган. 2002-жылдан тарта Ооганстандын сыналгысында диктор-айымдарды көрүүгө мүмкүн болуп калды. Бирок эстрада ырчылары буга чейин сыналгыда көрсөтүлгөн эмес.

Баса, айдын башында кабыл алынган жаңы конституцияда Ооганстанда аялдар менен эркектердин укуктары бирдей деп белгиленет.



Ал эми мухиттин ары жагындагылар үчүн бийлеп же ырдаган аялдарды экрандарда көрүү - көнүмүш иш. Айрымдары атүгүл, эбак эле калайыктын сүймөнчүгүнө айланган. Мисалы, кинооюнчу, Голливуддун жылдызы Жулия Робертс быйыл тогузунчу ирет «Элдин тандоосу» деген сыйлыкты жеңип алды. Жулиянын жеке турмушундагы оош-кыйыштар эки жылдан бери прессада кеңири чагылдырылып жүргөнү менен, ал Камерун Диас, Сандра Баллок, Жениффер Лопес өңдүү атаандаштарын артта калтырды.

Гэллап социологиялык иликтөө уюмунун изилдөөсү боюнча, Мэл Гибсон эң популярдуу киноактер, Том Хэнкс эл эң жакшы көргөн өнөрпоз деп таанылды.



«Балхаш Арал деңизинин тагдырын кайталап калышы ажеп эмес», - дешет БУУнун адистери. Чоңдугу боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турган бул көл соолуп калса, анын арты региондогу ири экологиялык апаатка алып келиши мүмкүн.

БУУнун өнүгүү программасынын Казакстандагы өкүлү Фикрет Аккура Балхаш көлүнө куйган өзөндөр кескин азайып баратат деген кооптонуусун билдирди.

Былтыр жыл аягында жергиликтүү «Мегаполис» гезити соңку маалыматтарга таянып, көл 2 миң чарчы километрге азайганын жазып чыккан.

Жаңы кризистин алдын алуу үчүн Казакстан биринче кезекте Кытайдын жардамын алуунун үстүнөн иштөөгө тийиш. Анткени Балхаштын негизги булагы – Шиңжан уйгур автоном районунун түндүк-батышынан башат алган Или дарыясы.
«Бул – абдан кылдат мамилени талап кылган саясий маселе», - дейт жергиликтүү экологиялык топтун жетекчиси Жарас Такенов.



Кетамин дарысы адамдар менен жаныбарлар үчүн анестезиялык арга катары пайдаланып жүрөт. «Маскөнөм» же көңүл ачтыруучу өзгөчөлүктөрүнөн улам, кетаминди көчөлөрдө да жашыруун сатышат.
Жакында Россиянын мамлекеттик комитети, баңгизаттарга каршы күрөштүн алкагында, кетаминди ветеринарияда пайдаланууга тыюу салды.
Өкмөт кетаминдин малды дарылоодо колдонулуусуна мыйзамдуу уруксат берүү үчүн атайын иш-чараларды баштады.



Кээде жакшы түш көрүп, кайра ойгонгондон кийин аны унутуп калабыз го. Жапониялык «Такара» фирмасы чыгарган жаңы аппараттын жардамы менен эми адамдар өз түштөрүн эсинде сактап калууга, ал тургай түштү алдын ала долборлоого мүмкүндүк берет.
Уктап атканда эмнени көргүң келсе, ошону сүрөттөн тандап алып, аны коштогон текст жазып, андан кийин «түштөрдүн өнөрканасына» жибересиң. Жабдык үн, түс, музыка жана жыттын жардамы менен иштейт.

Уйкуга баткан кишини жабдуу сегиз сааттан кийин күндүн нуруна окшогон жарык жана жагымдуу музыка менен ойготот.

«Такара» фирмасы ит, мышыктардын ойлорун адамдын тилине «которгон» машиналары менен белгилүү.
Азырынча эксперимент фирманын кызматкерлеринин жардамы менен өткөрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG