Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Өзбекстан Кыргызстандын автоунааларынан акча талап кылууда


БАТКЕН. Облусттук акимчиликтен алынган маалыматка караганда, 19-январда таңкы саат жетиден баштап Өзбекстандын Сох, Риштан жол аркылуу Өтүкчү, Каратокой багытында каттаган кыргызстандык автоунаалардан өзбек бажычылары 300 доллар төлөп өтүүнү талап кылып, өткөрбөй коюшкан. Алар өзбек өкмөтүнүн былтыр 25-декабрында чыккан, Өзбекстандын жолунан өткөн кыргызстандык автоунаалардан 300 доллар алуу тууралуу токтомун бетке кармашууда. Маселенин чоо-жайын иликтеш үчүн ушул эле күнү облустук акимчиликтин, чегара жана бажы кызматтарынын өкүлдөрү окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Өзбекстан мындай режимди ушул айдын тогузунан тартып Ташкен аймагына киргизип, Лейлек районунан жана Сүлүктү шаарынан Бишкекке каттаган кыргызстандык автобустардын ар бир каттамы үчүн 300 доллар ала баштаган. Ал эми өткөн жумада облустун жетекчилиги премьер-министр Николай Танаевге кат жолдоп, Өзбекстандын мындай аракетине адекваттуу чара көрүүнү өтүнгөн.

Кабарларды Азиза Турдуева менен Аманбек Жапаров даярдашты

Текстти Бекташ Шамшиев редакциялады

XS
SM
MD
LG