Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:03

Демократтардын Айова штатындагы шайлоосунда президенттикке талапкерлерден сенатор Жон Керри жеңип чыкты


Массачусетс штатынан шайланган сенаторду АКШнын Демократиялык партиясынын Айовадагы мүчөлөрүнүн 37% колдоду. Ал эми Түндүк Каролина штатынан шайланган сенатор Жон Эдвард 32%, Вермонт штатынын мурдагы губернатору Ховард Дин 18%дай добуш топтогон. Демократтардын бул айыл –чарба штатында өткөн жыйыны президентикке талапкерди тандоо өнөктүгүнүн алгачкы маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Айовадан соң ушул айдын соңунда Демократиялык партиянын талапкерин тандоо жараяны Нью Гемпшир штатында өтөт. Демократтардын талапкери быйыл ноябрдагы шайлоодо АКШнын азыркы президентти Жорж Буш менен беттешмекчи. Ж.Бушка Республикачыл партиядан эч ким атаандаш болгон жок.

XS
SM
MD
LG