Темир эшиктер аркаңдан «шарак» этип жабылгандан кийин кунарсыз короодо аркы-терки баскан аялдардын турмушуна кирип барасың. Уурулук менен отурган жашы 70ке барып калган кемпирден мектепти бүтпөй калган секелек кыздарга чейин отурушат. Алар Турсунбай Бакир уулун тегеректеп, дароо мунапыстын кабарын сурашты. Президенттен экинчи жолу бул мыйзамга каршы пикир келгенин укканда көбүнүн баштары шылкыя түштү. Сасык тумоо күч алып, бир тобунда күрсүлдөгөн жөтөл, чүчкүрүк...
- Ушул жаңы жыл силерге жакшылыктарды алып келсин. - деди Турсунбай Бакир уулу көңүл улап, - Ылайым мөөнөтү аяктап бараткандарга тагдырдын ташы оңунан түшүп, мунапыска кабылып, эртерээк эркиндикке чыккыла. Карап турсам көбүңөр ооруп турасыңар. Айрыкча мобу жөтөлүп аткандар сакайып, ден соолукта болушуңарды каалайм.
Акыйкатчыны курчап алгандар арыз-муңдарын айтып киришти. Аялдардын дээрлик ар биринде «менин ишимди туура эмес тергешти, мага мөөнөттү көп берип коюшту» деген өңдүү, укук коргоо органдарынын атына дооматтар бар. Акыйкатчы институтунун юристтери бир күн кечке аларга юридикалык жактан кеп-кеңеш берип, айрымдарынын арыздарын кабыл алды.
Абактагы аялдар үчүн тууган-туушкандары менен кабарлашуу кыйын өңдөнөт. Улам бири чалып коюуну өтүнүп, телефон номерлерди берип, айылдагы туугандарына кат жазып берип атышты. Акыйкатчы чөнтөк телефону аркылуу айрымдарынын үйү менен байланышып, аларды жакындары менен сүйлөштүрдү. 15 жаштагы кыз апасына буркурап ыйлап, «Апа, мени кечир, сени сагындым. Келип кетчи, суранам» деп жалынды.
Түрмөдө ооруп калсаң дары-дармек табуу оор маселе көрүнөт. Тиши ооруп, жаагы шишип кеткен Айнура үйүндөгүлөргө тиш суурутканга зарыл болчу «лидокаин» өңдүү дарыларды алып келип берүүсүн суранып, кат жазып биз аркылуу жөнөттү. Анын айтымында, тишдоктурга барган күндө да, «дары жок» деген шылтоо даяр экен. «Бул абакта илдет аттуунун баары аспирин менен дарыланат» деп какшыктады ал.
«Абакта – ачкачылык» деп айтканга болбойт. Бирок, жакындары келбегендерге кыйын эле болчудай. Жанын жакшыраак баккандар абактын тамагына басып барышпайт. Ашканада өздөрү каалаган тамагын жасап ичишет экен. 14 жаштагы Жаркын деген кыз уурулук менен түшкөн. Азыр байпак токуп, жан багып атканын айтат.
- Мен ушул жерден эптеп чыгып кетсем жумуш таап, өз жанымды өзүм багат элем. Мисалы, мугалим же катчы болуп иштеп кетээриме деле ишенем. Ооба, менин 8 класстык эле билимим бар. Ушунун баарына атамды күнөөлөйм. Ал аракеч болуп кетпегенде мен мектепти да бүтмөкмүн, уурулукка да барбайт болчумун. Бирок, эчтеке эмес. Менин эрким күчтүү, өз жанымды багыш колумдан келет. Жадагалса абакта отуруп да мен байпак түйүп сатып, өзүмө кийим-кечек алып, кардымды тойгузуп атам. Антпесем мага азыр эч ким келбейт.
Өз канынан жаралган баласын өлтүргөн эки аялды учураттык. Күйөөсүн өлтүргөн ондон ашык аял ушул жерде мөөнөтүн өтөп аткан кез. Бири «өкүнөм, байкушумду жакшы көрчүмүн» десе, дагы бири «өзү күнөөлүү» дейт. Төрт баланы өстүрүп атып, алардын атасын өлтүрүп алган аял буркурап ыйлады. «Мен ушул жерде жатканыма кабагым-кашым дебейм, мага чала болот, төрт баламдын көздөрүнө кантип тике карайм», - дейт 12 жылга соттолгон аял.
Биз кетип атканда түштөн кийинки текшерүү башталды. Төрт катар болуп тизилген 700дөй аялды мал толуктагандай, сөөмөй менен санагандан кийин илең- салаң басып тарап кетишти. Ушундай көрүнүш күнүгө эки жолу кайталанат, буга өздөрү да көнүп бүткөн.