Президент болгондон бери Жорж Буш өлкөдөгү абал жөнүндө ушуну менен үчүнчү ирет жалпы улутка кайрылып сөз сүйлөдү. Бул жерде соңку ирет жолугушкандан бери Кошмо Штаттары, Улуу Британия, Австралия, Польша жана башка өлкөлөр Бириккен Улуттар Уюмунун талаптарын жүзөгө ашырды, Саддам Хусейндин бийлиги кулатылды жана ирак калкы азат кылынды, деп айтты Буш өз сөзүндө. Кошмо Штаттарынын азыркы шарттагы тарыхый ролун да президент терроризмге каршы күрөш менен байланыштырды. 2001-жылдын 11-сентябрынан бери жыйырма сегиз ай өттү, деп белгиледи Буш. Коркунуч артта калганына ишенич бар экенин айтып, ошол эле учурда Буш буга азгырылып кетиштин өзү да чекилик болорун эскертти. Террористтер Америкага жана цивилизацияланган дүйнөгө каршы кусамат-кутумдугун улантууда, бирок ал биздин эркибиздин жана каармандыгыбыздын аркасында сөзсүз жеңилет, деп көрсөттү Буш. Буштун айтымында, “Аль-Каиданы” жетектегендердин үчтөн экиси кармалды жана жок кылынды, террористтер да Саддамдын режиминдей эле жексен болмокчу. Кыйын кезеңдер, кайгы-касиреттер, чоң сыноолор жана согуштар аркылуу биз бу жолду орто жерде мүдүрүлүп, баштаган иштерди таштап коюш үчүн басып өткөнүбүз жок, деп белгиледи Буш.
Буш Ирактагы согуштун зарылдыгына күмөнсүнгөндөргө кайрылып, эгер аракеттенбей отуруп алганда Саддамдын массалык кыргын куралдар программасы улана бермек, Коопсуздук Кеңешинин Ирак боюнча резолюциялары бейпайда опуза бойдон калмак, ООНдун өзүн алсыратмак, кербезденген диктаторлорго шыкак болмок, Ирактагы ырайымсыз түрмө жайлары бейжазык азапкерлерге шыкала бермек, деп эске салды. Буштун ишениминде, Саддамдан соң бу дүйнө бейпилдикти сүйгөн, эркиндикти эш көргөн бардык адамдар үчүн алда канча жаркын жана коопсуз болуп калды.
Дал ушул аңытта Буш АКШнын жана Британиянын тогуз ай бою Ливия менен жүргүзгөн жүйүр сүйлөшүүлөрү үзүрүн бергенин, Иракта болсо мындай дипломатиялык аракеттердин баары майнапсыз аяктаганын эске салды. Буш Иракта жана Ооганстанда демократиялык институттарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн атайын максаттагы каражаттар эке эсе көбөйтүлөрүн, бүткүл Жакынкы чыгыш аймагында эркиндик стратегиясы жүзөгө ашырыла тургандыгын маалымдады. Түндүк Корея менен Иранга кайрылып, америкалык президент Пхеньянды атомдук программаларын токтотконго, ал эми Тегеранды эл аралык милдеттенмелерин кынтыксыз аткарганга чакырды. Вашингтонго терроризмге каршы күрөштө дүйнө өлкөлөрү кеңири колдоо көрсөтүп жатканын белгилеп, Буш Кошмо Штаттары өз коопсуздугун камсыз кылууда ким бирөөдөн уруксат сурап отурбайт деп эскертти.
Экономикалык маселелерге келгенде Буш өндүрүш өсө баштаганын,инфляция төмөндөп, экспорт көбөйүп жатканын белгиледи жана конгрессти салыктарды кыскартуу ишин туруктуу максатка айлантканга чакырды.
Буштун кайрылуусун эксперттер анын шайлоо алдындагы программалык сөзү катары баалашты, ал эми демократтар кескин сынга алышты. Демократтардын өкүлдөр палатасындагы лидери Нэнси Пелоси Кошмо Штаттары эбегейсиз аскерий күч-кубатка ээ болгонун белгилеп, бирок барып турган бакубат өлкө да дүйнөлүк жамаатты өз тарабына тартканга муктаж экенин, президент Буш болсо бир жактуу саясат жүргүзүп, Американы эл аралык камоолго салганын, зарыл керектүү ресурстардан чукак кыла баштаганын баса көрсөттү. Демократтардын сенаттагы лидери Том Дэшл болсо Бушту өтөлгөсүз экономикалык саясат жүргүзүп жатканы үчүн айыптады.