БИШКЕК. Кыргыз өкмөтүнүн чечимине ылайык, 1974-жылы чыккан СССРдин үлгүсүндөгү паспортту пайдалануу мөөнөтү 2004-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Өкмөт мындай чечимди 2002-жылдын 18-июлунда кабыл алган токтомуна түзөтүү киргизүү аркылуу ишке ашырды. Ал эми Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынан бүгүн алынган маалыматка караганда, 2004-жылдын аягынан баштап Кыргызстан дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташкан жаңы паспорттук системага өтөт. Бул документ жалпы Кыргызстандын атуулу экендигин күбөлөндүргөн күбөлүк катары саналат. Мындан тышкары чет өлкөгө чыгуу үчүн өзүнчө паспорт берилет. Мындай аракет жасалма паспортторду пайдаланууга бөгөт коюу жана эларалык стандарттарга төп иштөө максатында жасалууда.