Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

АКШ жетекчилиги Азербайжандан камакка алынгандарды бошотууну талап кылууда


АКШ өкмөтү кечээ күнү Азербайжан жетекчилигине кайрылып, октябрдагы президенттик шайлоодон кийин камакка алынган оппозициялык партиялардын жетекчилеринин тагдырын чечүүнү талап кылды. Мамлекеттик катчылыктын өкүлү Адам Эрелинин айтымында, маселе мыйзам чегинде чечилүүгө тийиш: "Биздин оюбузча, бийлик аларга же расми күнөө коюп, ишти сотко өткөрүүгө тийиш, же аларды бошотушу керек". Кармалган беш саясатчыны сот өткөн аптада дагы үч айга абакта кармоо тууралуу өкүм чыгарган. Бардыгы болуп бир жүз жыйырмага жакын адам кармалган.

XS
SM
MD
LG