Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

ПАСПОРТТУН ЖАҢЫ ҮЛГҮСҮН ДАЯРДООГО ТЕНДЕР ЖАРЫЯЛАНАТ


БИШКЕК. 26-январда Кыргызстандагы паспорт системасын модернизациялоо долбоорунун негизинде тендер жарыялана турган болду. Мындай чечимди Кыргыз өкмөтү 14-январда түзгөн тендердик комиссия чыгарды. Дүйнөлүк Миграция уюму менен АКШнын техникалык колдоосунда даярдалган бул долбоор паспорттун жаңы үлгүсүн даярдоо максатын көздөйт. Тендер ийгиликтүү ишке ашса, кыргызстандыктар июнь айынан баштап паспорттун жаңы үлгүсүнө ээ болушат. Паспорт эл аралык стандарттарга ылайык эки түрдө даярдалып, алардын бири күбөлүк түрүндө өлкө ичинде, экинчиси чет өлкөгө каттоо үчүн пайдаланылат. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргыз өкмөтүнүн, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү билдиришти. Өкмөттүн алдындагы маалымат ресурстары жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Юрий Лысогоровдун айтымында, жаңы паспорттун үлгүсү мазмундук жактан эски паспорттон айырмаланбайт жана ал массалык түрдө чукул алмаштырууну милдеттендирбейт.

XS
SM
MD
LG